М.Абдылдаев: Кыргызстандагы «демократиялык» шайлоолор жана экономикалык абал

 Учурда расмий бийликтер (сот, аткаруу, мыйзам чыгаруу) тарабынан Текебаевге жана башка дагы оппозициядагы саясатчыларга карата жасалып жаткан мамилелер, аларга  колдонулган чаралар мыйзамдарды одоно түрдө  бузуу эле эмес, атайын буйрутма (заказ) экени да  көз көрүнөө эле.

Текебаевдин үстүнөн болгон сот процесси, албетте соттолуп аткан саясатчынын аброюн көтөрүп, анын Майевскийден пара алганын  далилдебей эле, тетирисинен сот системасынын реформа болбогонун ачык тастыктаган, өлкөнүн бийлик системасын сыноого алган сот процесси болуп калды. Бул чынында эле Атамбаевдин   утулушу болуп, Кыргызстандын эл-аралык аброюна көлөкө түшүрдү десек жаңылышпайбыз.

Келечектеги потенциалдык инвесторлорду кабатыр кыла  турган олуттуу терс сигнал болду. Себеби  калыс сот системасы негизи экономикага, инвесторлого аба менен суудай керек нерсе.

Бул сот жараяны ыңкылаптардын керексиздигин,  маанисиздигин жана бир өкүнүчтүү жери Атамбаевдин алты жылдык президенттик ишинин майнапсыз болгонун айгинелейт.  Атамбаевдин мындай “эмгегинин” экономикага таасири кандай болгону боюнча кийинчерээк сөз болот.

Сооронбай Жээнбековдун президенттикке талапкер катары чыгышы бир топ зыян алып келээри да күмөнсүз. Муну  Президент Атамбаев деле билип атат болушу керек -деп ойлойм. Себеби ал акыл-эси ордундагы адам го?!

Опозицияга жасалган басымдын, куугунтуктун мотивдери саясый каршылашуудан, так айтсак Текебаев сотто  өзү айткандай, ал экөөнүн өз ара  жек көрүүчүлүк сезимдеринен, душмандык мамилелеринен келип чыгып, Президент Атамбаевдин, администрациясындагы аткаруучулары, прокуратура, сотсистемасы тарабынан колдо турган бийликти мыйзамсыз колдонуу менен жасалды. Бул сотту уюштургандарга  келечекте албетте мыйзамдын чегинде чара колдонулбаса да, саясый баа(люстрация ишке ашса)  берилет- деп ойлойм. Себеби Атамбаев өзү айтып жүргөндөй, бардык саясатчылар, бийликтеги расмий инсандар  мыйзамга баш ийип, мыйзамдын алдында жооптуу болушу керек.

Бул окуялар, Кыргызстандын саясый системасынын өнүгүүсүнүн дагы бир жаңы барагын ачты. Бирок анын сабагы саясый элитаны, жарандарды ойлондуруп, мындан туура тыянак чыгарылышына алып келет- деген үмүт бар. «Эси  бар башкалардын катасынан, ал эми эси жок өзүнүн  катасынан үйрөнөт»  -деген лакап сөз бар эмеспи. Бардыгынан кызыгы 18 жана 20 кылымдарда болгон улуу француз жана орус ыңклапчыларындай, биздин ыңкылапчылар дагы алардын каталарын, тагдырларын  кайталап атышат.

Мен, 2010 жылы Akipress.org сайтындагы «Мнение»-деген  рубрикасында чыккан ыңкылапчылардын лидерлерине мүнөздөмө берген макаламда, ыңкылаптардын кесепети жана анын аягы болжол менен ушундай  болорун жазган элем. Себеби Атамбаев менен Текебаевдин амбициялары “Ала-Тоодой” болгону менен аткаруучулук жөндөмдөрү “нөл” экен. Саясый көз караштары, тарбиялары жагынан бири-бирине окшош, эмоцияга тез алдырган, авторитардык стилге ыктаган саясатчылар экени коомчулукка мурдатан белгилүү болчу.

Атамбаев президент, расмий инсан катары ар бир сүйлөгөн сөздөрүн аппаратынын адистеринин, спичрайтерлеринин  катышуусу менен алдын ала тактап даярдап албай, өз  оюнан чыгарып, көпчүлүк учурда саясый жактан туура эмес(политкоррективдүү эмес), одоно, орой сөз сүйлөп кыргыз элинин, өлкөнүн аброюна жумшак айтканда көлөкө түшүрүп келатат. Текебаевдин дагы ушундай адаттары бар. Бул эки саясатчынын эл билген патриоттук жана салыштырмалуу чынчылдык касиеттери менен катар, сезимдерине алдырып, артын ойлобой сүйлөп, өлкөнүн саясый  туруктуулугуна  зыян келтирип жүргөндөрү өкүнүчтүү.

Бул саясатчылар түзгөн партияларынын ичинде да авторитардык мамилелер калыптанганын  да бир катар мисалдар менен далилдесе болот. Акыркы 3 айдын ичинде ал дагы жашыруун болбой калды. Мисалы, Текебаев өзү сот процессинде мойнуна алгандай, саясый шакирттери менен кеңешпей, алардын ичинде нааразычылыгын жаратып, келишимди бузуп убактылуу президент Отунбаевадан алган  коалициялык өкмөт түзүү укугун өзүм билемдик жасап, Бабановко берип койгону  мүнөздүү көрүнүш. Бул да авторитардык стилди тастыктайт. Мындай жагдай шайлочуларды кабатыр кылып,  алардын көңүлдөрүн иренжитет.

Атамбаев, «Биз парламентик түзүлүштү курабыз, калыс сот системасын түзөбүз»- деп убада берип келгени менен кайрадан  суперпрезиденттик жана соттордун президенттен ого бетер көз-каранды болгон системасын калыптандырып алды. Ал эми КСДП партиясынын ичинде болсо курултайга делегат болгон жаштардын лидери Ренат Самудиновду демократиялык эмес ыкма менен курултайга киргизбей, партия мүчөлүгүнөн чыгарып салганы, авторитардыктын шедеври десек да жарашат.  Өз убагында диктатор Сталин дагы мындан бир топ демократиялык процедуралар аркылуу өзүнүн оппозициясы менен күрөшкөн.

Бул сигналдар коомго маалым болгондору, ачык байкалгандары эле го. Ал эми көмүскөдө калганы канча экенин бир кудай билет. Бул эки партия тең демократиялык коомду курабыз  деп  жарялагандары менен жасаган иштери ага дегеле коошпойт. Бул тескери нерсе алардан  башка партияларга өтүп, коомго ар бир шайлоолордо  туура эмес сигналдарды буга чейин да берип келишкен.

Кыргыз Республикасында демократиялык коомду куруудан мурда, ар-бир партия, саясатчы биринчиден өз партияларында, өз үй-бүлөлөрүндө демократиялык мамилелерди орнотуулары кажет. Демократиялык принциптер адамдын, керек болсо канында, жанында болгондо гана коомдо демократия орнойт. Болбосо сасатчылардын элдин башын айлантып, аларды алдаганы токтобойт. Бул нерсе коомду туруксуздукка түртүп, ыңклаптарга шарт түзүп, кылмыштуулукту ого бетер  күчөтүп жатат.

Кыргызстандын акыркы 12 жылдык тарыхындагы эки ыңкылаптын башчыларынын эбегейсиз амбициялары менен саясый маданияттары кайрадан карама-каршылыкка кирип, мамлекеттин, коомдун экономикалык көйгөйлөрү чечилбей калды. Атамбаев менен Текебаев башында турган Кыргызстандын  саясый элитасынын, истеблишменттин профессионалдык деңгээлдери, моралдык сапаттары  замандын талабына, өлкөнүн алдына коюлган максаттарга  жооп бербейт жана  люстрация сөзсүз жасалыш керек экенин дагы бир ирет далиденип атат.

Саясый элита коомду курч саясый тирешүүгө кайра-кайра түрткү бербей, экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө милдеттүү эле. Ага  чамалары такыр жетпей  атканын  кыргыз экономикасынын структурасындагы салыштырмалуу көрсөткүчтөр тастыктайт.

 

Эңшерилген зкономика

 

Кыргыз Республикасы аталып, эгемендикке ээ болгондон бери Президент жана Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо максатында он бешке жакын шайлоолор болуп, 24 жолу өкмөт алмаштырылган. Кыргыз коомчулугу, жарандар бул шайлоолордун негизинде бир топ тажырыйба топтоп, саясый жактан абдан эле такшалып калыш керек болчу. Бирок, менин баамымда, өкүнүчтүү жери,  жарандык коом дагы, саясый элита дагы туура тыянак чыгара албай келатат. Шайлоолордун калыс жана коомдун кызыкчылыгын канаатандыраарлык өтүүсүнүн көрсөткүчү, менин көз карашым боюнча, бийлик бутактарынын сапатту, демек профессионалдык жактан жогорку деңгээлде түзүлүшү эсептелет. Максатка ылайык түзүлгөн бийлик бутактарынын иштеринин оң натыйжасы катары өлкөдө саясый туруктуулук өкүм сүрүп, экономикасы туруктуу өсүп, жарандардын турмуш деңгээли көтөрүлөрү талашсыз.

Биз чейрек кылымдык эгемендүүлүк тарыхыбызда кандай, эмне деген түшүм жыйнап отурабыз? Биринчиден- өлкөдө дагы эле саясый туруктуулук орнободу. Экинчиси- экономикада кубанаарлык олуттуу жылыштар болгон жок. Экономикадагы жылыштардын  сапатын биздин өлкөгө көп жагынан окшош келген башка мамлекеттердин экономикалык көрсөткүчтөрү менен салыштыруунун негизинде гана аныктоого болот. Акыркы жыйырма үч жылдагы кыргыз экономикасынын расмий бийликтер тарабынан жарыяланып келген сом менен эсептегендеги 5% -7,4% дын аралыгындагы өсүүлөр,   реалдуу(дефляторго туураласак)  орточосунан алганда жылына 1,7-2,1% эле  түзүп келатат.

Натыйжада өлкөнүн экономикасы  1994-жылдан бери болгону (1994 -жылы өлкөнүн ИДПсы 1,28 млрд $ АКШ $ болсо, 2016-жылы ИДП  6,8 млрд $ түзгөн), көп дегенде 5,3 эсе эле өсүш берген.

Эми мисал иретинде өткөн кылымдын 50-чү жылдарынан бери 30 жылдан ашык саясый туруксуздукта жашап, партизандык согуштар жүрүп келген Боливия, Парагвай жана  Уругвайдын экономикаларын алып көрөлү.

Уругвайды  алсак, экономикасы 2004-2016-жылдар аралыгында орточосунан жылына  24% өсүү менен, (2004-жылы  Уругвайдын ИДПсы 6 млрд. АКШ долларына жакын болсо,   2016-жылы  58 млрд. АКШ $ түзгөн) жана анын жан башына болгон көлөмү  3,5 миң АКШ долларынан 21,5 миң АКШ долларына чейин көтөрүлгөн. Уругвайдын экономикасы 12 эле жылдын аралыгында  дээрлик 6 эсеге өскөн. Элининин саны 3,5 млн., жер шарты, климаты, экономикасынын стуктурасы да биздикине бир кыйла жакын, айыл-чарбасы экономиканын негизги тармагы болуп эсептелет.

Учурда экспортунун  көлөмү 7 млрд. АКШ долларына жакын болуп, биздин өлкөнүн жалпы ИДПсынан да жогору экен. Өлкөсүн ушундай жогорку темпте өстүргөн Уругвайдын президенти өткөн кылымдын 80-90-жылдары  партизанчылык кылган, террорист катары абакта он жылга жакын отуруп чыккан Хосе Мухика өзү жөнөкөй, чынчыл жана акылдуу адам экен. Президенттик резиденцияда жашабай, жеке күзөтүн да бир адамдан эле курап, айлык маянасынын 80% кедей адамдарга берип турган. Президент болуп туруп борбордун четиндеги өз үйүндө жашап, атайын ашкана, ашпозчу күтпөй,  үйүнүн алдандагы жер тилкесинде өзү өстүргөн жашылча, жер-жемиштен өзү тамак жасап ичкен. Ал 2015-жылы президенттик мөөнөтү бүткөндө, кызматын калыс шайлоо аркылуу атаандашына өткөрүп берген.

 

Эгерде, Кыргыз Республикасынын азыркы кездеги ички дүң продукциясынын деңгээлин (учурда 6,8 млрд. АКШ $) жана кыргыз сомунун 1993-жылдан бери 13 эсе девальвация болгонун эсепке алып, учурдагы  реалдуу көлөмүн билиш үчүн тиешелүү арифметикалык санак жасасак эле биздин бийликтердин канчалык майнапсыз иштегени айкын болот. Резиденцияларда жашап, кымбат автоуналарда, күзөтчүлөрдү артынан самсаалатып  чубатып жүрүшөт. Чет өлкөлөргө тынбай каттап турушат.

Биз бийлик бутактарына шайлаган саясатчыларыбыз казынаны эңшере коротуп,  майнапсыз иштеп, жарандардан жыйналган салыктарын натыйжасыз коротуп келишкени айкын болууда жана аны улантып атышат.

Өкүнүчкө жараша Кыргыз Республикасында эгемендик жылдары бийликтер жүргүзгө реформалардын натыйжалары да, жумшак айтканда терс натыйжа берип атат. Атап айтсам, жарандардын турмуш деңгээлдери начарлап, кабыл алган конституциялары иштебей, жарандардын, жада калса ошол эле «реформаторлордун» өздөрүнүн дагы укуктарын камсыз кыла албай, сот бийлиги, прокуратура, БШК да президенттике талапкерлердин укуктарын тебелеп атат. Ушундай өлкөгө олуттуу инвесторлор чоң долбоорлору менен  келиши мүмкүнбү, -деген суроо риторикалык суроо болбойт го деп ойлойм. Менимче толугу менен мыйзам ченемдүү суроо болот го- дейм, эгерде бул суроо келаткан президенттик шайлоодо  жарандар тарабынан коюлса.

Инвесторлорго карата берилген адекваттуу эмес сигналдардын кесепетинин далили катары  Мегакомду 6 жылдан бери  арзандатып атып дагы  сатылбай жатканын айтсак болот. Инвестиция келбесе экономикада өсүү болбосу-бул аксиома. Ушул себептерден өлкөнүн эмгекке жарамдуу жарандарынын 50% жакыны истеблишментке ишенимдерин жоготкондон кийин,«буттары менен добуш беришип» алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Эгерде мындай абал мындан нары  дагы эле улана берсе, анда кризистер кайрадан курчуп ыңкылап да болушу ыктымал. Учурда оппозициядагы саясатчылардын кээ биринин үстүнөн мыйзамдарды бузуу менен болгон  сот процессинен  кийин бийлик бутактарына болгон ишеним Акаев менен Бакиевдин учурунан төмөн түшпөсө дагы, андан жогору эмес болуп калды.

Төмөндөгү таблицада келтирилген экономикалык көрсөткүчтөрдү карасак, бийликтер өлкөдөгү курч социалдык маселерди чече албай,  дагы бир ыңкылапка шарт түзүп аткандай көрүнөт.

Акыркы 23 жылда кыргыз экономикасынын өсүү темпи  жарытылуу эмес. Өлкө дагы эле  өтө жакыр Сенегал менен Чад мамлекеттеринин катарында келе жатат. Өлкөнүн ИДПсынын 2016-жылкы жан башына болгон көлөмү 1140,6 долларды эле түзөт. Сомдун куну 1994 жылдан бери 704% га түшкөнүн, азыркы баалар ошол кезге салыштырмалуу 12 эсе өскөнүн эске алсак Кыргызстандын азыркы ИДПсы 1994-жылдан да төмөндөп кеткени көрүнөт.

Менимче, жарандар кайрадан шайлоого бараарда, «коомдо консенсус орното албай, экономиканы майнаптуу иштете албай аткан саясый элитадан бийлик бутактарын кайра-кайра түзүүнүн, өлкөнүн президентин ачык эле калыс эмес шартта шайлоонун кажети барбы?”-деп суроо бериши да мыйзам ченемдүү -деп ойлойм.

 

 

Жылдар Сомдун АКШ $ карата(жылдык орточо курсу ) Сомдун девальвациясы

%

Элдин саны ИДП нын көлөмү,

млрд. (сом менен)

Дефлятор

%

 

ИДП нын жан башына болгон көлөмү

 

миң(сом менен) АКШ $ менен
А.Акаевдин президенттик учурунда
1 1990 42,8
2 1991 92,5
3 1992 741,3
4 1993 5,7 4 502 000 5 354,7

(713 963 000 $)

1,2 208,7
5 1994 9,43 165,4 4 463 000 12 019,2

(1 274 570 519,62$)

224,4 2,7 285,6
6 1995 10,83 115 4 483 000 16. 145,1 113,3 3,6 333,5
7 1996 12,08 112 4 545 000 23. 399,4 145 5,15 426,2
8 1997 17,37 143 4 607 000 30. 438,0 133,1 6,61 380,4
9 1998 21 121 4 668 000 33. 994,1 111,7 7,28 346,8
10 1999 39,1 186 4 732 000 48. 744,2 143,4 10,11 212
11 2000 47,7 122 4 900 000 65. 357,9 134,1 13,34 279,63
12 2001 48,45 102 4 900 000 73. 889,1 113,1 15,08 311,1
13 2002 46,9 97 4 946 500 75. 240,4 102 17,72 377,8
14 2003 43,73 93,24 4 984 400 83. 420,8 111 16,736 382,7
15 2004 42,66 97,5 5 037 300 94. 350,7

 

113 18,9 442
К.Бакиевдин президенттик учурунда
1 2005 41,81 98 5 092 800 100. 899,2

 

107 19,8 473,2
2 2006 40,9 98 5 138 800 113. 800,1

 

113 22,6 552,6
3 2007 37,25 91 5 247 600 141. 897,7

 

125 28,1 754,36
4 2008 37,37 100,3 5 289 200 187. 991,9

 

135,5 37,0 1008,8
5 2009 43,85 117,34 5 348 300 201. 222,9

 

107 39,1 891,7
Р.Отунбаева менен А.Атамбаевдин  президенттик учурунда
1 2010 46,11 105,15 5 418 300 220. 369,3

 

104 42,4 919,5
2 2011 54,36 117,8 5 477 600 285. 989,1

 

130 54,4 1000,7
3 2012 47,05 86,55 5 474 000 310. 471,3

 

109 58,0 1232,7
4 2013 47,44 100,8 5 522 500 355. 294,8

 

114,4 65,0 1370,2
5 2014 53,66 113,1 5 776 600 400. 694,0

 

113 71,8 1338,1
6 2015 64,48 120,16 5 895 000 430. 489,4

 

107,4 75,5 1171,0
7 2016 69,9 108,4 6 019 500 472.200,0

(6,8 млрд.$)

109,7 78,7 1140,6
8 2017 5 529 000

 

 

Мейманбек Абдылдаев.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар