Лондондо адамдар өмүрүнө кол салуулар болду

Британ өкмөт башчысы Тереза Мэй кол салууларды теракт болушу ыктымал деп, тергөө иштер ылдам жүрүп жатканын билдиргенин британ маалымат каражаттары 4-июнда маалымдады.

Ишемби күнү кечинде Лондондо бир фургон көчөдө турган адамдарды сүзүп кеткен. Андан 5-6 киши жарадар болгон. Дагы бир жерде белгисиздер адамдарга бычак менен кол салган.

Мына ушул кол салуулардан киши өлүмү бардыгы кабарланууда.

Жакында эле Британия теракт жасалып, андан 20 киши набыт болгон эле.

Британияда 8-июнда парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Шайлоо алдында тумандуу Альбион тынч эмес.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар