Лидерликтин баасы 2 млн долларбы?

Бабырбек Жээнбеков интервью берип, “Президент Атамбаев эмес, Байболов болмок” деп айтканы көпчүлүккө жаңылык болду. 2010-жылы БЭКтин лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров АКШда жүргөн Бабырбек Жээнбековго телефон чалып “Байболовду президенттикке алып чыкпайлыбы” деп айтканын, алгач Байболов бул сунушка макул болуп, кийин айнып кеткенин ачыктады. Эгер Байболов макул болгон сунушунан кайтпаганда өлкөдө азыр башкача саясат жүрмөк да. Байболов неге бул сунуштан баш тартканы табышмак бойдон калган эле. Көрсө, бул жактагы оппозиция лидерлери Байболовго 2 млн доллар көтөрүп Кыргызстанга келе кал деген тура. Кубатбек Байболов 2 млн долларды заматта таба албасын, андай акчаны жок дегенде 5–6 айдын ичинде табарын айтып баш тартууга аргасыз болуптур. Бу Байболов дагы атыла элек аюунун талпагын талашканды жек көргөн адам да. Эч нерсе болбой жатып, Кудайдын жардамчысына окшоп кызмат бөлүштүрүп жаткандардын жанына жологусу келбесе керек. Күчүндө турган Бакиевди бийликтен оодарып түшөбүз дегенде Байболов деле ишенбесе керек. БЭКтин лидери болуп чыгуу ошол убакта 2 млн долларга бааланган тура.

«Жаңы ордо»

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар