Кыздарды коркутуп акча алган опузачы кармалды

Социалдык тармактар аркылуу кыздарды коркутуп жүргөн “көз боемочу” кармалды. Ички иштер министрлигине жаз айларында эле жыйырма жаштагы кыз кайрылып, ноябрь айынан бери “Вконтакте” социалдык тармагы аркылуу белгисиз адам интимдүү сүрөттөрүңдү интернетке жаям деп коркутуп, ай сайын 100 доллар төлөп турууну талап кылганын билдирген. Байкуш 16 миң сом берүүгө үлгүргөн.

Интернет кескинин кайырмагына 21 жаштагы дагы айым илинип, ал 500 доллар төлөөгө аргасыз болгон.

23 жаштагы айым дагы милицияга кайрылып, интимдик сүрөттүңдү жайылтам деп коркутуп, 15 миң сомун алганын кабарлаган.

28 жаштагы айым да милиция кайрылып, март айынан бери интернет опузачы интимдүү сүрөтүңдү жаям деп коркутуп, ай сайын 7.5 миң сомдон төлөп турууну талап кылып, 10 миң төлөгөнүн билдирген.

Мына ушундай арыздардан кийин ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкрамалыгынын кызматкерлери 1980-жылы туулган С.У. аттуу жаранды кармашканын ИИМ 7-июнда кабарлады. Ысык-Ата районунда жашаган “көз боемочу” мурда да ушундай айыптар менен соттолгон жана УКТнын катарында турганы аныкталды.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар