Кытайга сапар…

Сооронбай Жээнбековдун буга чейинки тышкы сапарлары натыйжалуу болуп келди. Ал Казакстан менен өтө бузулган мамилени жөнгө салды. Түркия менен да ошондой болуп, эки мамлекеттин мамилеси нормалдашты. Астана жана Анкара менен Бишкектин мамилеси Атамбаевдин мурдунан алысты көрө албастыгы жана ачууга тез алдырган пейлинен бузулган болчу.

Эми Сооронбай Жээнбековдун алдында Кытай менен мамилени же айрым бир маселелерди жөнгөрүү милдети турат.Жалпысынан алганда Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси жакшы деңгээлде. Бирок аны акыркы кездеги жаңжалдар бузуп, эки ортодо чыңалуу жаратууда.

Маселен, Кытай насыясы менен Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык жаңжал боюнча кытай элчиси бир-эки жолу пикирин ачык айтып чыкты…

Кытай насыясына кытай компаниялары тарабынан курулган Датка подстанциясы, Датка-Кемин электр зымы, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун текшерүү Бишкек ЖЭБинен кем эмес жаңжал жаратып, коррупциялык иштердин жүзүн ачат деген шек бар. Мына ушул долбоорлорго Кытайдан 2 млрд. долларга жакын насыянын алынган. Аларды төлөө маселеси Кыргызстан бюджети үчүн мүшкүл болчудай болуп турат…

Кыргызстандын Чоң-Алай району аркылуу өтүүчү Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай газ түтүгү боюнча да кыргыз коомчулугунда суроолор жаралууда. Кыргыз коомчулугунда транзит үчүн жердин кандай шартта берилиши, кыргыз тараптын транзитке эч кандай кийлигише албашы жана башка суроолор буйүр кызытууда.  Жогорку Кеңеш ал келишимге кошумча протоколду ратификациялоону токтотуп койду…

Негизи эле Кытай айрым маселелер боюнча Кыргызстанга кырын салып калганы белгилүү. Аны биринчиден, кыргыз мамлекетиндеги кемчиликтерге байланыштуу десек да болот.  Маселен, кыргыз ишкерлерине Кытайга кирүүгө виза берүү токтотулган. Кыргызстан ишкерлери Кытайга визасыз кирүү үчүн Россиянын жарандыгын алууга аргасыз болушууда.

Виза берүүнүн катаалдашынан Кытайда окуган студенттер окуусуна бара албай кыйнчылыкка учурашкан. Кытай өкмөтү мындай чараны Бишкектеги Кытай элчилигинде жасалган терракт (30-август 2016-жыл) жана уйгур улутундагы жүздөгөн кытай жарандарынын кыргыз паспорту менен кармалышынан кийин киргизген…

Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча ишти алдыга жылбай келатат.

Сооронбай Жээнбеков 9-10-июнда Кытайдын Циндао шаарында боло ШКУнун президенттеринин саамитине катышат. Аны менен катарлаш Кытайга сапары болмокчу. Ал сапарда Жээнбековдун Кытай лидери Си Цзинпин менен жолугушуп, жогорудагы маселелер боюнча сүйлөшүүсү күтүлүүдө. Бул сапарды даярдоо максатында 28-майда Кыргызстан тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова кытай расмийлери менен сүйлөшүү өткөрдү.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар