Кытай неге кырын салууда?

Бир нече айдан бери кыргызстандык соодагерлер, жарандар Кытайга виза алалбай убара.

Бишкектеги Кытай элчилигине Кыргызстандын паспорту менен барсаң  виза берилбейт, Орусиянын паспорту менен барсаң виза берилет, дейт коммерсант Анара Акимова. Орусия паспортун алган кыргызтандыктар Кытайга кенен-кесир кирип жатканын ал кошумчалайт.

Кытай менен соода жүргүзгөн Дордойдогу соодагер Бектур Чакиев буга чейин жыл сайын Кытайга ээн-эркин кирип, соодабызды кылып келет элек, быйыл виза алалбай жүдөдүк, товарды телефон, интернет аркылуу гана алып калдык , анда сапаты, түрү боюнча маселе чыгып калууда дейт ал.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 5-майда Кытайга сапарында виза маселесин сүйлөшкөнү кабарланган. Бирок андан кандайдыр бир натыйжа чыкканы байкала элек. 16-майда президент Атамбаев Кытайда эл аралык саммитке катышып, Кытай лидерлери менен жолугушуп келди. Бирок андан кийин да виза маселесинде алдыга жылуу болбоду….

Кыргызстандык ишкерлер казак, тажик соодагерлери Кытайга мурункудай эле эркин кирип, атаандаштыкта кыргыз соодагерлерин артка калтырууда деп кейийт. Ошентип, визалык чектөө Кыргызстандын реэкспорттук мүмкүнчүлүгүнө да чоң сокку урууда.

Кытайдын кыргызстандыктарга виза берүүнү чектөөсүнүн артында эмне жатат? Саясий маселеби же коопсуздук маселесиби?

Республиканын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов  биринчи себеп -коопсуздук маселеси  деп эсептейт.

Кытайдын виза режимин катаалдантуусу өткөн жылы август айынын соңунда  Бишкектеги Кытай элчилигинин алдындагы теракт, кыргыз паспорту менен Түркияда жүздөй уйгурдун кармалышынан кийин болду.

Дүйнөдөгү акыркы кездеги үч теракт Борбор Азия, анын ичинде  кыргыз жарандары менен байланыштырылды. Маселен, жаңы жыл алдындагы Стамбулдагы кандуу теракты өзбек жараны жасады. Андан кийин, 7-апрелде Швецияда жүк ташуучу унаа менен адамдарды бастырып кеткен теракт жасалды. Ал боюнча да өзбек жараны кармалды.

Андан бир нече күн мурун Санкт-Петербург метросунда теракт  боюнча Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны айыпталды.

Мына ушул окуялар Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда  радикалдашкан күчтөр орун-очок алгандай таасирди жаратты, дейт Аликбек Жекшенкулов.

Кыргыз бийлигинин коопсуздук багытындагы саясаты натыйжа бербей, бийлик саясий оппоненттерди куугунтуктоо менен гана алек болуп калганын Жекшенкулов кошумчалайт.

Кыргызстандын чек ара коопсуздугунун начардыгы, ал тармакта коррупция гүлдөшү да Кытайдын Кыргызстан менен виза режимин катаалдантуусунун себептеринин бири деген Жекшенкулов, кыргыз бийлигинин Кытайдагы сүйлөшүүлөрү эч кандай натыйжа бербей жатат деп эсептейт.

Президент Атамбаев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча карама-каршылыктуу билдирүү жасаган. Ал 2013-жылы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун Кыргызстанга кереги жок, биз андан көрү Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун курушубуз керек десе, көп өтпөй кайрадан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолун курууну кубаттай баштады.

Мына ушундай оомо саясат бийликтин аброюна өтө олуттуу сокку урганын бийлик оппонеттери айтып келатат.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар