Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушу-муз ордунан жылабы?

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилесинин жакшыруусу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча аракеттердин жандануусуна алып келди. Бишкектин демилгеси менен Ташкен бул долбоорго чындап тартыла баштады.

25-декабрда Ташкенде үч өлкөнүн адистери чогулуп, мына ушул темир жолду куруу маселесин масилеттешет. 27-декабрда болсо маселе олуттуу жана жогору деңгээлде талкууланат. Анда үч өлкөнүн транспорт министрлери чогулуп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга байланыштуу бардык маселелерди  сүйлөшмөкчү.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору Акаев доорунан бери ордунан жылбай келатат. Атамбаев 2013-жылы бул жолдун курулушуна кескин каршы чыгып, андан көрө (акылга сыйбаган) Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун курабыз деп чыгып, Кытай жетекчилигин иренжитип алган эле.

Бирок акыркы мезгилде Атамбаев бул темир жолдун курулушун кайрадан жактап, колдой баштады. Бирок Кытайдын түрү мурункудай болбой калган…

Эми Өзбекстандын тартылуусу менен Кытай долбоорго кайрылып келип жаткандай.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда үч чоң проблема бар. Анын биринчиси, жолдун маршруту, экинчиси темир жолдун эни, үчүнчүсү долбоорду финансылоо маселеси. Бул эң орчун маселелерде орток пикир табыла элек. Үч өлкө министрлеринин жолугушуусунда алдыга жылуу болобу? Аны жолугушуу жыйынтыгы аныктамакчы.

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар