Кыргызстанга кысым…

10-октябрдын кечинен тарта кыргыз-казак чек арасында транспорт жана адамдардын өтүүсүнө тоскоолдуктар башталганы кабарланды. 11-октябрда эрте менен Борбор Азия регионундагы Дордой базары бир топ бошоп калганы байкалды. Соодагерлер жана ишкерлер кардарлары келбей калганын, кечигип жатканын айтып, кейип жатышты.

Көпчүлүк бул үчүн президент Атамбаевдин дарегине бери дегенде нааразы сөз айтып, күнөөлөп жатат.

Президент Атамбаев 7-октябрда мамлекеттик сыйлыкты тапшырып жаткан учурда Казакстан жана анын жетекчилигинин дарегине орунсуз жана одоно сөздөрдү айткан.

Казак өкмөтү 10-октябрда атайын билдирүү менен чыгып, Атамбаевдин сөздөрүн толугу менен четке какты. Ошол күнү кечинде чек арадан транспорттун өтүүсү атайын басаңдатылып, кыргыз бийлигине басым көрсөтүү башталды.

Чек арадан транспортту жана жарандарды өткөрүү атайын жайлатылгандыктан узундан-узун чубалган жол тыгындары пайда болду. Миндеген жарандар ара жолдо калууда…

Вотсап аркылуу Казакстан базарларындагы кыргыз жарандарына жасала турган кысымдар, текшерүүлөр жана депортациялоо мүмкүнчүлүгү эскертилди.

Казак өкмөт башчысынын билдирүүсүндө, Кыргызстан аркылуу Кытай реэкспорту көзөмөлсүз өтүп жатканы айтылып, андан Казакстан 155 млн. доллар зыян тартканы белгиленген.

Кыргызстанда Бажы кызматы эле эмес, ветеринардык, санитардык жана фитосанитардык көзөмөл начар иштейт деп айтылган.

Казак өкмөт башчысынын бул билдирүүсүнөн кийин аракет да жасалып, Кыргызстанга кысым башталды…

Кыргыз бийлиги тараптан түзүлгөн кырдаалга карата эч кандай пикир айтыла элек.  Республиканын Чек ара кызматы гана казак тараптан күчөтүлгөн текшерүү болуп жатканы, ага түшүнүү менен мамиле жасоо сунушталган. Ал эми кыргыз тараптан тоскоолдуктар жок.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар