Кыргызстанга көп каттаган Миллер кызматынан кетеби?

Орусиянын энергетикалык гиганты “Газпромду” 2001-жылдан бери башкарып келаткан Алексей Миллер Санкт-Петербургга губернатор болуп кетет деген сөздөр чыккан. Алексей Миллер бул тууралуу суроого жооп берип жатып “андай маалыматтарды көрбөдүм, окубадым. Биринчи жолу угуп жатам. Эгерде көрбөсөм, окубасам, анда, кыязы бул бир нерседен кабар берет” деп жооп бергенин ТАСС  кабарлады.

Алексей Миллер башында турган “Газпром” “Кыргызгазды” 2014-жылы 1 долларга сатып алып, республиканын газ тармагына 2030-жылга чейин 100 млрд. рубль инвестиция салууну убадалаган.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар