Кыргызстандан быйыл 6 бала МГИМОго студент болот

Окуучулар 2017-жылы өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик тестирлөөнүн негизинде конкурска катышты. МГИМОдо окуу үчүн жарыяланган конкурска 43 абитуриент документтерин тапшырган.Атайын комиссия тестирлөөнүн жана конкурстун жыйынтыгы менен 6 абитуриентти жеңүүчү деп тапты.

Ага ылайык Карина Абдумажитова, Субинур Алымбаева, Элиза Аматова, Байрам Абасов жана Айдана Ибраева  быйылкы жылдан тарта МГИМОнун студенти болуп калат. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.

Москвадагы  эл аралык мамилелер боюнча мамлекеттик институт барктуу дипломатиялык жогорку окуу жай катары саналып келет.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар