Кыргызстандан ажылыкка биринчи топ 7-августа жөнөйт

Бул тууралуу Кыргызстан Муфтияты кабарлайт. Быйылкы жылы Кыргызстандан ажылыкка 4585 киши сапар алмакчы.

Тилекке каршы,  ажылыкка экинчи ирет барууга камдангандар үчүн бир аз жагымсыз маалымат бар. Анткени жакынкы жылдары эле ажылыкка барып келгендер кайрадан виза ачыш үчүн кошумча 540 доллар же 2000 риал төлөөгө тийиш.

Муфтият пайда болгон ар кандай суроолорго 0312-48-67-67, 0558, 0778 48-61-67 телефон номерлери аркылуу жооп берилет дейт.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар