Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө

Жекшемби күнү Республиканын 8 шаардык жана 33 айылдык кеңештерине шайлоо өтүүдө. Айдаркен, Кадамжай, Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кара-Балта жана Кемин шаарларында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлүп жатат. Бул шаарларда декабрь айында өткөрүлгөн шайлоодон кийин коалиция түзүү, жергиликтүү аткаруу бийлик башчысын шайлоодо келишпестиктер чыгып, кайра шайлоо белгиленген.

Республикадагы үчүнчү шаар эсептелген Жалал-Абадда партиялар ортосунда айыгышкан күрөш болуп, ал жерде өлкөдөгү бардык олуттуу партиялар жана саясатчылар бардык күчүн салып жатканы маалым.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар