Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болот

“Кыргыз республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбооруна президент Атамбаев кол койгонун 5-июнда президенттин маалымат кызматы кабарлады. Жогорку Кеңеш ал мыйзам долбоорун өткөн жумада жактырган эле. Анда Кыргызстанда президенттик шайлоо октябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлөт деп жазылган. Быйылкы жылы октябрдын үчүнчү жекшембиси 15-октябрга туура келет.

“Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 48чи беренесине ылайык Жогорку Кеңеш президенттик шайлоого 4 ай калганга чейин шайлоону жарыялаш керек. Демек, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленгендиктен 15-июндан кечикпей президенттик шайлоо расмий түрдө жарыяланууга тийиш.

Расмий жарыялоодон кийин талапкерлерди көрсөтүү башталат. Талапкерлик добуш берүүгө 75 күн калганга чейин көрсөтүлүүгө тийиш. 45 калганга чейин БШКдан катталууга тийиш.

Катталуу үчүн  талапкерлер мамлекеттик тилден сынактан өтүүсү керек жана 30 миң шайлоочунун колун топтоого тийиш.

Катталуу болсо добуш берүүгө 35 күн калганга чейин бүтөт. Катталуудан кийин талапкерлер үгүт өнөктүгүнө киришет.

Бүгүнкү күнгө карай «Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев, «Республиканын» лидери Өмүрбек Бабанов, «Өнүгүүнүн» лидери Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоого катышарын жарыя кылган.

Өткөн айда КСДПнын саясий кеңеши өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоду, эми жакынкы күндөрү курултайда ал бекитилүүгө тийиш.

Андан сырткар Акматбек Келдибеков Алайда элден бата алып, президенттик шайлоого катышарын ишаара кылды. Бирок Келдибековдун соттуулугуна байланыштуу маселе бар.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров да президенттик шайлоого катышуу ниетинде. Өткөн президенттик шайлоодо ал Алмазбек Атамбаевден кийинки экинчи орунду ээлеген.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар