Кыргызстанда оппозиция туусун ким көтөрөт?

24-октябрда Бишкекте саясатчылар, жарандык активисттер чогулуп, 15-октябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын талкуулап, мындан ары кандай кадам жасоого сереп салды.

Президенттикке талапкер болгон Адахан Мадумаров ал жыйында жалпы улуттук деңгээлдеги оппозициялык ири партия куроо максатын жарыялады. Ал партия азыркы бийликке альтернатива болууга тийиш.

Мадумаровдун биригүү демилгесине Чолпон Жакупова пикирин билдирип, азыркы бийликтин саясатына жана өткөргөн шайлоосуна макул эмесмин деген Мадумаров көтөргөн идеяга колдоо көрсөтүп, бирок биригүүдөн  кийинки кадамдар боюнча такташуу керектигин белгиледи. Ал биригүү оор, татаал жана мүшкүлдүү иш экенин эскертти…

Өмүрбек Суваналиев президенттик шайлоодо жана ага чейин да Адахан Мадумаров карманган позициясы эң туура болгонун белгиледи…

Кыргызстанда оппозиция болуу жеңил эмес. Чыныгы оппозиционер болуп, күрөшкө чыккан Садыр Жапаров жана Өмүрбек Текебаев камалды. Аларга чейин Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Беболот Талгарбековдор камалган.

Парламенттик оппозициябыз деген Өмүрбек Бабанов жана Бакыт Төрөбаев эл эле эмес, өздөрүнүн ар-намысын коргоого жарабас болуп чыкты. Маселен, Атамбаев Бабановду “Бабанчик” деп кемсинтип жатса да,  шайтанга теңеп жатса да айбат бергенге жарабай, башын катып олтурат. Элди чөгөлөп жүргүчө тике туруп өлүүгө чакырган Бабанов Жогорку Кеңеште шайлоонун кандай өткөнү боюнча үн катууга даабады.

Ал эми “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин деми ичине түшүп, такыр дайынсыз болуп кетти. Маалымат каражаттары анын бийлик кожоюндарынан кечирим сурап жүргөнү тууралуу, фракциясынын тароо алдында экени тууралуу, фракция лидерлигин жоготуу алдында турганы тууралуу жазууда. Бирок Төрөбаевден реакция нөл…

Мына ушундай учурда артында көптөгөн электораты бар, эң башкысы артында калбыры жок таза, демек бийлик жалаа жаап, камай албай турган Адахан Мадумаров оппозиция туусун көтөрдү.

Айрым жагдайларда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо болуу мүмкүн болуп турганда Адахан Мадумаровдун демилгеси туура жана өз убагында көтөрүлүп жатат. Анткени биригүү аркылуу гана бийликке такаат берүү мүмкүн экени баарына белгилүү.

Кыргыз оппозициясы бириккен кезде гана ийгиликке жетишип келгенин 2005-жыл март, 2010-жылдагы апрель ыңкылаптары ырастап турат.

There are 3 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар