Кыргызстанда аномалдык ысык болот

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымдоосуна караганда, 7-8-июлда Кыргызстанда абанын температурасы 37-42 градуска көтөрүлөт. Мындай ысык Чүй, Талас, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында болот.

Ысык-Көлдө күндүн табы 30-35 градуска көтөрүлөт. Тоолуу Нарын облусунда да аба 32-37 градус, Жумгалда 39 градуска жетет.

Аба ырайынын ченемден тышкары ысуусуна байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ысык өткөрүп алуудан, күнгө күйүп калуудан сактанууга чакырат жана өсүмдүктөрдү көбүрөөк сугарууну сунуштайт.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар