Кыргызстан калкы: Өсүп атабыз, көчүп атабыз…

2017-жылдын башына карай Кыргызстан калкы 6 млн. 140 миң кишиге жетти. 2016-жылы  элибиздин саны 6 млн. 19.5 миң болгон. Улуттук статистикалык комитет тараткан маалыматта, калктын саны бир жылда  2% өскөнү белгиленген.

Региондор арасында калктын саны боюнча, Ош облусу алдыда турат. Бул облустун калкынын саны быйылкы жылдын башына карай  1млн. 287.5 миңге жеткен. Экинчи орунда Жалал-Абад облусу-бул облуста 1 млн. 168.7 миң киши жашайт.

Үчүнчү орунда 980.4 миң калкы менен Бишкек шаары турат. Өткөн жылга салыштырмалуу Бишкектин калкы дээрлик 22 миң кишиге көбөйгөн. Демек,  ушундай темп менен өсүп олтурса келерки жылы Бишкек расмий түрдө миллиондук шаар болуп калмакчы.

Төртүнчү орунда 905.7 миң калкы менен Чүй облусу турат. Бешинчи орунда 503.5 миң менен Баткен, андан кийин 476.8 миң калкы менен Ысык-Көл, жетинчиде 282 миң калкы менен Ош шаары, сегизде 281 миң менен Нарын, тогузда 255 миң менен Талас облусу турат.

 

Республикада аялдар көппү же эркектерби?

Улуттук статистикалык комитеттин эсеби боюнча республикада жалпысынан аялзаты көптүк кылат. Быйылкы жылдын башына карай аялдар 3 млн. 98 миң болсо, эркектер 3 млн. 42 миң болгон. Бирок Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Таласта кыздардан балдар көптүк кылат.

6 млн. 140 миң калктын  2 млн. 64 миңи балдар жана өспүрүмдөр. Бул калктын 33.6% түзөт. Эмгекке жөндөмдүү калктын саны 3 млн. 628 миң киши. Алар калктын 59.1% түзөт. Песионерлер болсо 448 миң киши.

Республикада 100 ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Алардын ичинен кыргыздар 4 млн. 493 миң болуп, жалпы калктын 73.2% түзөт. Экинчи орунда өзбек калкы. Алардын саны 898 миң, пайыз менен алганда 14.6%.

Үчүнчү орунда орустар турат. Миграцияга байланыштуу аларды саны кыскарган. Быйылкы жылдын башына карай республикада 357 миң орус жашаган, алар калктын 5.8% түзөт.

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар