Кыргызстан депутатын казак соту 2 айга камады

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Асылбек уулу Дамирбек Казакстан Улуттук коопсуздук кызматы жана Башкы прокуратурасы бажы тармагындагы коррупцияга каршы 15-16-февралда Кыргызстанга чектеш облустарында өткөргөн операциясында кармалган. Аны менен кошо Кыргызстандын дагы үч жараны да кармалган.

Казакстан соту кыргыз депутатын жана үч жаранын эки айга камоо чечимин чыгарганы жекшемби күнү маалым болду. Ал эми Казакстандын тышкы иштер министрлиги депутаттын кармалышы боюнча Кыргызстан тышкы иштер министрлигинин суроолоруна  Вена конвенциясына жана ички мыйзамдарына ылайык жооп бергенин Казакстандын Тенгриньюз маалымат агенттиги жекшемби күнү кабарлады.

Алдын ала маалыматтар боюнча Асылбек уулу Дамирбек жана анын өнөктөрү контрабанда боюнча айыпталууда.

Депутат катары көпчүлүккө белгисиз болгон Асылбек уулу Дамирбек акыркы күндөрү жагымсыз жагдайлардагы окуялар менен аты чыга баштады.

Маселен, өткөн жумада анын жана “Кыргызстан” партиясынын кожоюну Шаршенбек Абдыкеримовдун өзбек криминалдык төбөлү  саналган Салимбай байбатча менен түшкөн сүрөтүнүн интернетке жарыяланышы чуу жараткан эле.

Андан көп узабай эми контрабанда боюнча айыпталып Казакстанда кармалууда…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар