Кыргызстан Өзбекстанга электр экспорттоону токтотту

«Улуттук энергохолдинг» ишканасы катуу сууктарга байланыштуу Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоону убактылуу токтотту.  Кыргызстан энергетиктери өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы жок, бирок сууктан улам алдын алуу чаралары үчүн мындай чечим кабыл алынганын билдиришүүдө.

Маалыматка караганда, Өзбекстан менен келишимде «аба ырайында өзгөрүүлөр болсо, экспорт токтой турганы» көрсөтүлгөн. Сууктун күчү кайтып, күн жылыгандан кийин коңшу мамлекетке электр кубаты кайра сатыла баштайт.

25-январда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов президентке маалымат берип жатып, Кыргызстанда «катуу сууктан электр тармактары, от казандар, жылуулук трассалары иштен чыгышы мүмкүн» деп билдирген.

Аталган мекеме 26-29-январда Бишкекте абанын температурасы күндүз -17, түнкүсүн — 25 градуска чейин төмөндөй турганын маалымдаган. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн — 30, Суусамырда -40 градус болорун эскерткен.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар