Кыргыз-түрк мамилесин ууландырган…

Кыргыз-түрк масмилесинин бузулушунун негизги себепкери Атамбаев бийликтен кетип,  анын соңу менен кыргыз-түрк мамилеси жалпысынан оңолуу жолуна түшкөнү байкалат. Сырткы көрүнүштөр ошондой кабар берет. Анткени президенттер сапарлары калыбына келип, өкмөттөр аралык кызматташуулар кайра жандана баштады.

Бирок мындай оң тенденцияга карабай кыргыз-түрк мамилеси кээ бир келишпестиктер, оңтойсуздуктар кала берүүдө. Эки ортодогу мамилени ууландырып жаткан негизги маселе –гүленчилер маселеси. Түркия гүленчилер Кыргызстанда өтө таасирлүү жана кеңири кулач жайган деп эсептейт. Бул гүленчилердин Кыргызстандын билим берүү системасынан кийин парламенти, аткаруу бийлиги, ишкерлик, эксперттик чөйрөлөрүнө кеңири тарашы менен ырасталат.

Гүленчилер Түркияда мамлекеттик органдарга өз адамдарын жайгаштырып, бири-бирин колдоо аркылуу параллелдик бийлик орнотууга жетишкен. Анын аягы 2016-жылы 15-июлда куралдуу төңкөрүш аракети жана 252 адамдын өмүрүн алуу менен коштолду. Ал эми учурда АКШда жашап жаткан Гүлендин ЦРУ жана башка атайын кызматтар менен байланышы түрк калкы үчүн четке каккыс факт.

Түркия мына ушул гүленчилерге жана алардын окуу жайларына Кыргызстан чара көрбөй жатат деп нааразы. Түркиянын каалаганы  “Себаттан” “Сапатка” айланган жана башка гүленчилерге таандык окуу жайларды жаап, алардын мүлк, имараттарын  Түркиянын “Маариф” билим берүү фондуна өткөрүлүп берилиши. Кыргыз тарап аны аткарууга шашпай турат.  Мына ушул нерсе президент Режеп Тайип Эрдогандын ичтен таарынычын пайда кылып, Кыргызстан менен Түркиянын экономикалык, инвестициялык кызматташууларына терс таасирин тийгизүүдө.

Маселен, сентябрь айынын башындагы Эрдогандын Кыргызстанга сапарында дээрлик эч кандай инвестициялык келишимге кол коюлган жок. Жаңы долбоорлор сунушталбады.

Ал эми Нурсултан Назарбаевдин 12-13-сентябрдагы Түркияга сапары учурунда 1.7 млрд. долларга инвестициялык келишим түзүлдү. Түрк ишкерлери мына ушунча суммага Казакстанга түз инвестиция сала турган болду.

Ал эми инвестиция тартуу, экономикалык өсүшкө жетишүү кыргыз бийлигинин эң негизги максаттарынан. Ошон үчүн да  президент С.Жээнбеков түрк тилдүү мамлекеттер президенттеринин Чолпон-Атадагы саммитинде инвестициялык,экономикалык кызматташууларга басым жасады. Бирок ал максатка жетүүдө ийгиликтер жок. Тескерсинче артка кетүүлөр байкалат. Түркия анын бир мисалы.

Жалпысынан Кыргызстанга инвестициянын агымы төмөндөгөнү белгилүү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылы өткөн жылга салыштырмалуу  33%дан ашуунга азайып, 247 млн. долларды гана түзгөн…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар