Кыргыз-тажик чек арасында тарынычтар көбөйүүдө…

4-июнда кечке жуук кыргыз-тажик чек арасынын Кыргызстандын Максат айылына жакын жеринде өтө опуртал окуя болуп өттү. Окуя болгон жерде тартылган видеоматериалдар эки өлкө аскерлери атышып, көптөгөн курмандыктарга барууга аз калганын көрсөтөт.

Тажик аскерлери биринчи Кыргызстандын карапайым тургундарын кордоп, уруп-согуп соода жайына айланган стадиондон кубаласа, жардамга келген кыргыз чек арачылар капитаны баш болгон  үч тажик чек арачысын күч менен кармап, колу-бутун байлап, көздөрүн таңып, көмкөрөсүнөн жаткырып салган. Кармоо учурунда тажик чек арачыларынын какыс-кукус болгону көрүнүп турат.

Бул көрүнүш эки тараптын достук жөнүндөгү саясатына туура келбейт. Өчөшүү жана өч алуу максатында кандайдыр бир чагымга баруу мүмкүнчүлүгүн көбөйтөт. Ошондуктан кыргыз-тажик чек арасында кырдаал 3-июндагы окуядан кийин бир топ татаалдашты жана опурталдуу боло баштады десек жаңылышпайбыз.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды Жогорку Кеңеш атайын өкмөттүк саатта караштырууну сунушташы, ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясында бул маселени кароону пландашы мына ошондон кабар берет.

Анткени автомат кезешкен эки өлкөнүн аскерлеринин бирөө-жарымынын нерви бошоп, ок чыгарып жиберсе-ал курмандыктарга, кырдаалдын татаалдашына алып келбей койбойт эле..

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар