Кыргыз-өзбек мамилеси…

Кыргызстан менен Өзбекстан мамилеси Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиеевдун саясаты менен оңолду. Анткени кыргыз бийлик башчылары эгемендүүлүк доорунан бери эле күчтүү, таасирлүү, калкы көп жана мүмкүнчүлүгү арбын Өзбекстан менен тил табышууга аракет жасап келген.

Ал аракет маркум Ислам Каримовдун кырс мүнөзүнө такалып, эки өлкө бара-бара карым-катнаштарын биротоло үзүп, чек аралар тор зымдар, куралдуу аскерлер менен тосулуп калган…

Мирзиеев ал саясатты өзгөртүүнү чечти. Кыргыз тарап ага даяр болду. Мурда эле даяр болчу.

Кошуна Өзбекстан менен жакшы мамиледе болуу, ушундай учурда чек ара маселесин чечип алуу эң туура саясат.  Бирок өтө жакындашуу, коюнду кенен ачып, конокко төрдү бийлетүү эмнеге алып келет? Бул жагында ойлоно турган, чочуркай турган жагдайлар жок эмес.

Биринчиден, коопсуздук маселеси. Өзбекстан менен мамиле оңолгонго чейин Атамбаев бардык коркунучтар ошол тарапта (Өзбекстан, Тажикстан)  деп, Баткен облусуна Орусиянын дагы бир аскер базасын жайгаштырууну сунуштап келген. Прессконференцияларынын биринде Орусияга биздин жер керек эмес деп, жерлер Өзбекстан жана Тажикстан керек дегендей ишаара кылган…

Эми болсо, өзгөчө Казакстан менен араздашкандан кийин Өзбекстанга баардык эшиктер ачылып, пансионаттар, суу сактагычтар белекке берилип жатат…

Өзбекстанга бардык эшиктердин ачылышы Кыргызстанда бугуп жаткан жикчилдерге кубат-дем берип, аларды дагы бир согушка азгырбайбы, шыкак бербейби деген түпөйүл чочуркоо жаратат… Анткени жакынкы тарыхта эле андай эки алаамат болуп, кыямат салынбадыбы?!

Экинчиси экономикалык маселе.

Ислам Каримовду  диктатор деп Атамбаев канчалык албууттанып алынбасын, Каримов Өзбекстанды өндүрүш, өнөр жай державасына айлантып кетиптир. Өзбекстанда дүйнөлүк ондогон автомобиль заводдор автоунааларды чыгарып жатат. Алардын ичинде жеңили да, автобусу да, жүк ташуучусу да, башкасы да бар.

Пахта мекени болгон Өзбекстанда текстиль тармагы сакталып, өркүндөп жатат. Кечээ жаакында эле өзбек бийлиги чийки пахтаны сатууга тыю салды. Эми мындан ары пахта кайра иштетилгенден кийин гана сатылмакчы.

Өзбекстанда химиялык, жеңил өнөр жайынын өнүгүүсүнө бардык шарттар бар жана ал дүркүрөп өнүгүп келатканын кабарлаган жагдайлар байкалып турат.

Өзбекстандын мына ошол дүркүрөп өсүп-өнүгүп жаткан өнөр жайы, айыл чарба продукцияларын сатуу үчүн базар керек.  Ташкен ал товарларын сыртка чыгарууга өтө кызыкдар. Муну президент Мирзиеев ачык айтып жатат.

Кыргызстан чакан болсо да мына ошондой базарлардын бири. Ошондуктан чек аралардын ачылышы менен Кыргызстандын базарына өзбек товарлары агылып, биринчи кезекте бутуна араңдан туруп келаткан кыргыз тигүү тармагына катуу сокку урулушу мүмкүн.

Үчүнчүсү регионалдык баланс…

Казакстан ар дайым мына ошол Өзбекстан гегемондугун  теңдөөчү күч, тарап болуп келген Кыргызстан үчүн. Мына ошол теңдөөчү күчтү (Казакстандын Кыргызстанга эч кандай кусаматы жок, жер талашкан жери жок, автономия талап кыла турган эли жок) жеке кызыкчылыктын айынан түртүп салуу -бул Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгындагы иш эмес…

Аны амбициясы ашып-ташып, ачуусунан албууттанган Атамбаев түшүнөбү? Атамбаевдин ыгынан чыкпаган, момураган Жээнбеков түшүнөбү алабы?…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар