Кыргыз-өзбек чек арасынын 85% делимитацияланды

5-сентябрда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Ал Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүү өткөрдү. Президенттер сүйлөшүүсүнөн соң чек ара, экономика, билим берүү, салык, парламент, региондор аралык кызматташууларды  өнүктүрүү боюнча документтерге кол коюлду.

Бирок президенттер сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы мына ушул документтер менен чектелип калган жок.

Эки президент Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасынын 85% делимитациялоо келишимине кол койду. Калган 15% боюнча жакын арада келишимге жетишүү үмүтүн билдиришти. Баары оңдуу жүрсө президент Атамбаевдин ушул жылдын октябрь айында Ташкенге боло турган сапарында кол коюулуп калышы күтүлөт.

Президент Алмазбек Атамбаев да, президент Шавкат Мирзиеев да 5-сентябрдагы сүйлөшүүнү жана анын жыйынтыгын тарыхый деп атап, бул келишимдерди эки өлкө калкы 25 жылдан бери күтүп келген деди.

Шавкат Мирзиеев Кыргызстанды Өзбекстандын эң жакын кошунасы деп, Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга Өзбекстан ар тараптан катышууга даяр, бул ГЭСти курабыз деди.

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу эки өлкө ортосунда согуш чыгарышы мүмкүн деп маркум ислам Каримов регион калкынын үрөйүн учурганы эсте. Эми Шавкат Мирзиеев бул ГЭСти куруу эки мамлекет үчүн тең пайдалуу деп, аны курууга катышууга даярдыгын билдирүүдө…

Өзбекстан Кыргызстан аркылуу Кытайга чыгууга кызыкдар

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулганга чейин Өзбекстан  Анжия-Ош-Эркештам жолу аркылуу Кытайга чыгууга кызыкдар экенин Мирзиеев юелгиледи. Бул боюнча атайын келишимге кол коюлмакчы. Өзбек президенти  ошондой эле калктардын каттоосу үчүн да жолдор ачыларын билдирди.

Өзбек президенти Кыргызстанга сапарынын жыйынтыгына өтө канаатангандыгын, анткени бул эки өлкө калкынын эңсөөсү аткаруу болгонун белгиледи.

Өзбек президенти менен кошо Кыргызстанга Фергана, Анжиян, Наманган облустарынын, Ташкен шаарынын акимдери, көптөгөн ишкерлер келген. Ошондуктан эки өлкөнүн региондорунун ортосунда жана ишкерлеринин кызматташууларына жол ачылмакчы.

Алмазбек Атамбаев Мирзиеевдун сапарын тарыхый деп атап, муну эки өлкө калкы 25 жылдан бери күтүп келгенин белгиледи.

Алмазбек Атамбаевдин айтымында, сүйлөшүүлөрдө бардык маселелер боюнча тил табышуу болду. Эки президенттин ортосундагы достук, бир туугандык мамиле баарына тароого тийиш.

Атамбаевдин пикиринде, Шавкат Мирзиеев бир жылга жетпеген президенттиги учурунда ири реформаларды жасоого үлгүрдү. Алардын бири 5-сентябрда өзбек суму конвертацияланышы болуп калды.

Мирзиеевдун реформалары Борбор Азиянын регионунун борбору болгон Өзбекстанды региондун саясий, экономикалык борборуна айлантат, деп белгиледи Атамбаев.

Шавкат Мирзиеев Алмазбек Атамбаев менен биргеликте 5-сентябрдагы келишимдерге жетишүүгө (премьер-министр кездеринде )көп жылдардан бери аракет кылып келишкенин, бирок буга чейин көп нерселер алардын эркинде эмес болуп келгенин белгиледи.

Бул маселелерди чечүү алардын эркине берилгенде, алар аны толук пайдаланышты.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар