Кыргыз-өзбек алакасы: өкмөттөр, президенттер сүйлөшөт…

6-сентябрда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга келиши күтүлүүдө. Кыргызстан өкмөт башчысы Сапар Исаков менен өзбек премьер-министри Абдулла Ариповдун 30-августагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө өзбек президентинин Кыргызстанга жумуш сапарынын деталдары талкууланган. Сапар 6-сентябрга белгиленгени кабарланган.

Шавкат Мирзиеев менен Алмазбек Атамбаевдин Бишкектеги сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында эки өлкөнүн чек арасынын 1170 чакырымын делимитациялоо боюнча келишимге кол коюлушу күтүлөт. 1400 чакырымга жакын болгон эки өлкө чек арасынын 1170 чакырымы макулдашылып, тийиштүү протоколго 17-августа өзбек өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун Бишкекке сапары учурунда кол коюлган. Мына ошондо тараптар чек ара боюнча убактылуу келишимге кол коюуга даярдыгы айтылган. Демек, Мирзиеевдун сапары учурунда анын ишке ашырылышы күтүлөт.

Абдулла Ариповдун сапарында Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын көп жылдан берки биринчи жыйыны болгон. Анда тараптар соода-экономикалык кызматташууларды өнүктүрүүнү да сүйлөшкөн.

Ошондуктан президенттердин Бишкектеги сүйлөшүүсүндө  чек арадан сырткары, соода-экономикалык, гуманитардык кызматташууларды өнүктүрүү, чек арадан өтүүнү жеңилдетүү маселеси да көңүл борборунда болмокчу.

Кыргызстан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун демилгелеп келатат. Расмий Ташкент бул жол боюнча буга чейин ачык пикир айтпай келсе, июнь айындагы ШКУнун Астана саммитинде Шавкат Мирзиеев темир жолдун курулушун кубаттаганы кабарланган.

Кыргызстан менен Кытай ортосунда темир жолдун багыты жана эни боюнча пикир келишпестик бар экени белгилүү. Ал келишпестиктин айынын жолдун курулушу белгисиз мөөнөттөргө кечеңдеп келатат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын бул маселеде бир пикирде болушу Кытай менен сүйлөшүүдө Бишкек үчүн демөөр болору талашсыз.

Кыргыз-өзбек мамилеси өткөн жылы Ислам Каримов дүйнөдөн кайтып, анын ордуна Шавкат Мирзиеевдун келиши менен оңолуу жолуна түшө баштады.

Ислам Каримовдун тушунда кыргыз-өзбек мамилеси деградацияга учурап, чек араларда куралдуу кагылышуу коркунучу чыгып турган. Чек араны аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр болсо туңгуюкка кептелген.  Соода-экономикалык байланыш дээрлик үзүлүп, жарандардын катташуусу катуу чектелген. Өкмөттөр аралык комиссиялардын жыйыны да токтоп калган…

Өткөн жылы декабрь айында алты жылдык президенттик мезгилинде Алмазбек Атамбаев биринчи жолу Өзбекстанда болуп, Мирзиеев менен сүйлөшүү жүргүзүп келди. Вице-премьер-министрлер жетектеген делегациялар Ошто, Анжиянда болуп, сапар алмашты.

Ошентип, Шавкат Мирзиеев бийликке келгенден кийин кошуна мамлекеттер менен мамилени оңдоого киришти.

Президенттик кызматка расмий киришкенден кийин ал биринчи сапарын март айында Түркмөнстанга жасап, андан кийин Казакстанга, апрелде Орусияга барганы белгилүү.

Мына эми сентябрьда Кыргызстанга келе турган болууда.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар