Кыргыз-казак жарандары уурулук боюнча кармалды

ИИМдин 6-июндагы маалыматы боюнча, Казакстандын эки жараны жана Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун 21 жаштагы тургуну кармалды. Алар Сокулук районундагы Гавриловака айылында Д.А. аттуу жарандын үйүнөн телефон, видеокамера, ноутбук, акча уурдаган деп шектелүүдө. Жалпысынан Д.А.нын үйүнөн уурдалган буюмдардын баасы 847 миң сом болгон.

Кармалган үч шектүү жаран Сокулук районундагы мына ушундай эле төрт уурулукка тиешеси бардыгы аныкталууда. Тергөө жүрүп жатат.

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар