Кыргыз-казак саясатчылары жүз карашпай калабы?

Кеткен президент Атамбаевдин казак эли жана президенти Нурсултан Назарбаевдин дарегине айткан жаман кептерине Казакстан бийлигинин төбөсүндөгүлөр биринин артынан бири жообун берип жатат. Жакында эле Назарбаевдин “Нур-Отан” партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Кул-Мухаммед Мухтар Абрарулы Атамбаевди жерден алып, сууга салган эле.

23-ноябрда Казакстан Сенатынын төрагасы Касым-Жоомарт Токаевге кезек келип, ал твиттердеги баракчысына минтип жазды:

-Викиликсте АКШнын элчиси Янгдын Атамбаевдин психикалык ооруусу жана паранояны тереңдеткен алкоголго жакындыгы тууралуу маалыматы түрк докторлоруна шилтеме жасоо менен жарыяланган. Муну менен баары түшүнүктүү болуп калат. Ага жакшы болуп кетсин деген каалоо айтуу гана калат.

Касым-Жоомарт Токаев Казакстан тышкы иштер министри, өкмөт башчысы кызматтарын аркалаган жетекчилерден, дасыккан дипломат. Ошондуктан анын бул жаңжалга аралашуусун бир жагынан президенти Назарбаевди коргоо жана колдоо катары баалоого болот.

Экинчи жагынан, Атамбаевдин ойлонулбаган сөзү эки мамлекеттин калкын азапка салып, истеблишментин жүз карашкыс абалга алып баратабы деген санаага кабыласың…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар