Кыргыз-казак президенттери макулдашты. Эмнени?

30-ноябрда Минскиде Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, сүйлөшүү өткөрдү. Кыргызстан президентинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, эки президент кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгөрүүнү сүйлөштү.

Эки өлкөнүн  өкмөттөрү чек арадагы кырдаалды жөнгөрүү боюнча буга чейин иштелип жаткан жол картасынын үстүндө ишти улантмакчы. Бул иш жүрүп жаткан учурда кыргыз-казак чек арасы ачык болуп турмакчы.

Башкача айтканда, кыргыз-казак чек арасы бүгүн-эртең ачылып, топтолгон жүздөгөн жүк ташуучу автоунаалар жолун тоскоолсуз улантууга тийиш.

Казак бийлиги чек араны жабууда Кытай реэкспорту жана контрабанданы жүйөө катары кармаган. Бул маселени чечүү үчүн эки өлкө президенттери  Казакстан, Кыргызстан жана Евразия экономикалык биримдигинин чек арасына, ошондой эле эле Кытай чек арасына биргелешкен көзөмөл коюуну макулдашкан. Муну Нурсултан Назарбаев Жээнбеков менен жолугушуудан кийин билдирген.

Сооронбай Жээнбеков чек арада биргелешкен көзөмөл орнотуларын тастыктаган.

“Чек арада биргелешкен көзөмөл орнотобуз. Эки тараптуу кызматташууга байланыштуу бардык маселелер чечилет” деген Жээнбеков…

Жээнбековдун бул чечими же кадамы Кыргызстан ичинде чабуулга кабылыш ыктымалдыгын эксперттер белгилеп жатышат. Биринчиден, контрабанда менен байып жаткан кыргыз бийлик башындагылар (мурунку жана азыркылар) «эгемендүүлүк жок болду» деп айгай салып чыгышы мүмкүн. Бажыда эч кандай жеке кызыкчылыгы жок Сооронбай Жээнбеков ошондуктан  кыргыз-казак мамилесин нормалдаштыруу үчүн чоң тобокелчиликке барып жатпайбы деген суроо пайда болууда…

Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүдө Нурсултан Назарбаев аны расмий сапар менен Казакстанга келип кетүүгө чакырган.

Эки президенттин Минскидеги жолугушуусу жана андагы макулдашуулар тунгуюкка кептелген кыргыз-казак мамилесин жөнгөрүүдө биринчи кадам болуп калганы байкалат. Бул нерсе Кыргызстан президентинин маалымат кызматы жана Кыргызстан маалымат каражаттары тарабынан кеңири чагылдырылды.

Ал эми казак тарап ага эч кандай маани бербегени байкалат. Казак маалымат каражаттарында жолугушуу тууралуу маалымат көрүнбөйт. Болгону Казакстандын Тенгриньюз сайты кыска маалымат берген. Ал дагы Кыргызстан маалымат каражаттарына таянып, маалымат тараткан…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар