Кыргыз-казак ички иштер министрлери жолукту

21-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Казакстандын ички иштер министрликтери биргелешкен кеңешме өткөрүштү. Анда кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кызматташуу маселеси талкууланды. Анын ичинде экстремизм, уюшкан кылмыштуулук, баңгизаттарын мыйзамсыз соодалоодо өз ара кызматташууга өзгөчө көңүл бурулган. Кеңешмеге министрлер Улан Исраилов жана Калмуханбет Касымов катышкан.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар