Кыргыз-казак делегацияларынын Еревандагы кагылышы…(видео)

25-октябрда Армения борбору Ереванда Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны болду. Ал жыйындын алкагында Кыргызстан өкмөт башчысы Сапар Исаков менен Казакстан өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаевдин жолугушуусу белгиленген. Арийне, талкуулана турган маселе кыргыз-казак чек арасындагы абал, тагыраагы Казакстан тараптын Кыргызстандан бараткан айыл-чарба продукцияларын жана башка товарларды, жүктөрдү өткөрүүнү чектөөсүнө байланыштуу маселе.

Армениянын сайттарынын кабарлоосуна караганда, кыргыз-казак өкмөт башчыларынын кагылышуусуна байланыштуу өкмөт башчылардын жыйыны бир топ кечигип башталды…

Жыйында эки тараптын кагылышуусу уланды. Кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков казак тараптын чектөөсү Евразия экономикалык биримдигинин келишимдерине каршы келерин билдирсе, казак өкмөт башчысы Кыргызстан аркылуу өтүп жаткан Кытай реэкспорту тууралуу маселе көтөрдү.

Бакытжан Сагинтаевдин эсеби боюнча, Бажы биримдиги Кыргызстандын айынан 1.8 млрд. доллар жоготту. Казак өкмөт башчысы ошондой эле Кыргызстан Кытай импортунун көлөмүн атайын кыскартат деп айыптап, далил катары Кыргызстан менен Кытайдын статистикалык кызматынын маалыматтарын салыштырып келтирген.

Кытай статистикасы боюнча, 2015-жылы Кытайдын Кыргызстанга экспорту 4.3 млрд. доллар болгон. Кыргызстан статистикасы боюнча 1 млрд. доллар гана болгон. Мындай көрүнүш 2016-жылы да кайталанып, ортодогу айырма 4.1 млрд. долларга жеткен. Быйылкы жылы да ошондой эле көрүнүш болуп жатат, деген Сагинтаев.

Казак өкмөт башчысы Кытай жана Казакстандын ортосунда да айырма бар экенин, бирок ал алда канча аз экенин кошумчалаган.

Кытай товарларынын Кыргызстанга экспортунун көлөмү боюнча талаш-тартыштар Кыргызстанда Акаевдин мезгилинен бери жүрүп келатат. Кытай экспортунун көлөмүн кыскартып көрсөтүү бажы тармагындагы коррупцияны жаап-жашыруу экени ошол кезде эле айтылган. Анткени, эгерде Кытай экспорту 4.3 млрд. доллар болду деп эсептелсе, анда ошого жараша бажы төлөмү түшүүгө тийиш.

Кыскартылып 1 млрд. доллар деп көрсөтүлсө, ошого жараша бюджетке бажы төлөмү түшөт. Калган сумма коррупционерлердин энчиси.

Ереван жыйыны көрсөткөндөй кыргыз-казак келишпестиги чечилүүдөн алыс, ал тескерисинче татаалдашып баратат. Саммит алдында Кыргызстан Казакстандын 100 млн. доллар жардамынан баш тартты.

Айрым эксперттер, Кыргызстанда шайланган президент Сооронбай Жээнбеков декабрь айында кызматка киришкенден кийин абал өзгөрүүсү мүмкүн деген божомолду айтууда.

Азырынча абал татаал бойдон…

There are 7 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар