Кыргыз эмгек мигранттарынын акча которуусу көбөйдү

Улуттук банктын 26-майдагы маалыматы боюнча, быйылкы жылдын биринчи үч айында эмгек мигранттарынын Кыргызстанга акча которуусу 444.5 миллион долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47.3% көбөйгөн. Бул которуулардын 97% Орусиядан жасалган.

Орусияда 500 миңден 1 миллионго чейин кыргыз эмгек мигранттары бар экени айтылып келет. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү менен эмгек мигранттарынын жумушка орношуусу, Орусияда жүрүү шарттары бир топ жеңилдегени белгилүү.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар