Кырдаал…

Кыргызстан менен Казакстан мамилесинде кырдаал баштапкыдан татаалдашты. Еревандагы өкмөт башчылардын жыйынында кыргыз-казак өкмөт башчыларынын акыйнек айтышуусу татаалдашкан абалды жөнгөрүү премьер-министрлердин колунан келбестигин көрсөттү.

Бул жерде саясий чечим кабыл алууга жөндөмдүү деңгээл керектигин айкындады. Саясий чечимди болсо мамлекет башчылары гана кабыл алат.

Мамлекет башчыларынын деңгээлинде  байланышуу жана сүйлөшүү учурда мүмкүн эмес. Атамбаев жана Назарбаев  душмандашууга өтүп баратат.

Геосаясий жактан өтө ыңгайлуу жайланышкан жана экономикалык жактан күчтүү Астана үстөмдүк кылып, Кыргызстан товарларын Казакстанга, андан ары Орусияга өтүүсүнө чектөө киргизди. Астананын максаты Кыргызстан экономикасын очорултуу,  элин бийликке каршы чыгаруу…

Астана бул максатына жетүү үчүн жана расмий Бишкекти “эсине” келтирүү үчүн кыш күрөө алдында көмүр сатууну да токтотту.  Бул Кыргызстан калкына карата өтө катаал жана антигумандык кадам…

Мүмкүн бул суу берүүнү токтотом деген Бишкектин айласы кеткендеги антигумандык жана акылсыз ишаарасына жооптур…

Бирок да, Украина менен “ит-мышык” болуп, ал эмес согушуп жатат делген Орусия украин калкы үчүн газ, көмүр берүүнү токтотпогону белгилүү…

Орусия кыргыз-чатагында четке чыгып, аралашпай туруп алды. Москва үчүн Кыргызстанга караганда Казакстан салмактуу. Атамбаевге караганда Назарбаев барктуу.

Москванын четте калуусу Кыргызстан бийлигинин башындагыларга жагымсыз. Евразия экономикалык биримдигине карата айтылып жаткан нааразылыктар Орусияга багытталган сөздөр. “Керегем сага айтам, келиним сен ук” дегендей.

Бирок Москвага карата бийлик башындагылар Астанага сымал акаарат айтууга даабайт. Москва Астана эмес. Газ, күйүүчү май, жүз миңдеген мигранттар сыяктуу айлаңды заматта курутчу көзүрлөрү бар. Орусиянын башка күчтүү рычагдарын айтпай эле, Кыргызстандын газ  тармагы 100%, күйүүчү май базары да 100% Кремлдин колунда экенин эске алуу жетиштүү.

Бишкек менен Астананын мамилесинин нормалдашуусу үчүн саясий чечим керек деп айттык. Саясий чечим мамлекет башчылар тарабынан гана кабыл алынат.Кыргызстанда жакын арада жаңы шайланган президент кызматка киришет. Жаңы президентте Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүүгө, демек маселени чечүүгө шанс болот…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар