Күзөт компаниясынан ири өлчөмдө курал уурдаган банда кармалды

ИИМдин 12-июлдагы маалымдоосуна караганда, быйыл 27-апрелде “Альфа-Секьюрити” күзөт компаниясынан  9 даана “Сайга-410”карабинин, “МР-471” үлгүсүндөгү 10 даана травматикалык тапанча, “ИЖ-71” үлгүсүндөгү 3 тапанча уурдаган банданын бети ачылды. Курал-жарактар катылган жеринен алынды.

 

Тергөө кызматкерлери Э.уулу У., Ж.Б. жана А.Дж. 27-апрелде түнү күзөт компаниясынын эшигин бузуп кирип, жогорудагы куралдарды уурдап кеткенин аныктаган.

 

Ушул эле топ 5-майда  оңдоп-түзөөчү ишкананын 285 миң сомун, дагы бир компаниянын 396 миң сомун 30-майда уурдап кеткен. 5-февралда Бишкектеги “Цзи сянь” кытай кафесине беткапчан куралдуу топ кирип келип, кассадагы 100 миң сомду алып кеткен.

 

Кылмышкерлерди издөө жана тергөө башкармалыктарынын маалыматы боюнча, бул кылмыштардын уюштуруучусу 1986-жылы туулган Жылдызбек Бекмурзаев болуп саналат.  Талас облусунан чыккан Ж.Бекмурзаев куралдуу кол салуу, тоноо, зордуктоо боюнча айыпталып, бир нече жолу соттолгон. Ал ошондой эле  Аламүдүн районунда 15-майда  адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгын да жасаган.

 

Учурда ага эл аралык издөө жарыяланды.

 

Банданын мүчөсү А.Дж. Москвада кармалып, учурда аны Кыргызстанга алып келүү маселеси чечилүүдө.

 

Май айынын соңунда Э.уулу.У. Көк-Жарда кармалган. Анын үйүн тинтүүдө 97 миң сом, курал-жарак табылган.

 

Ошондой эле банданын мүчөлөрү 1989-жылы туулган М.Э. жана С.Б. үйлөрү да тинтилип, алардан да курал-жарак алынган. Бул экөө да тергөө абагына салынды. Алар буга чейин да мыйзамсыз курал сактоо,уурдоо боюнча айыпталып отуруп чыгышкан.

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар