Күнөөсүз адамдар камалганда жылмайганың курусун…

9-ноябрда президент Атамбаев Соторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиевди кабыл алган. Анда албетте сот бийлигин реформалоодогу “ийгиликтер” жөнүндө сөз болгон.

Атамбаев “Жарандардын сот системасына ишеними — укуктук мамлекеттин негизи. Болжолдонгон максаттарды ырааттуулук менен ишке ашыруу эл арасындагы сотторго карата терс мамилени өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет.  Судьяларды тандап алууда  чынчылдык, адилеттүүлүк принциптерине берилгендик жана укуктун артыкчылыгы негизги критерийлерден болууга тийиш” деп сүйлөгөн.

Сотторду тандоо кеңеши партиялык негизде шайланып, ал коррупциянын жана компетентсиздиктин уюгу болуп калганы белгилүү. Ал жалпы журттун оозунда айтылып жаткан айныксыз кеп. Ал эми далилдүү сөздөргө келгенде, Атамбаевдин партиясындагы аттуу-баштуу депутат Галина Скрипкина 2014-жылы “бизде 35 миң доллар жок болгондуктан биз Сотторду тандоо кеңешине өтпөй калдык” деп, кызы Сотторду тандоо кенешине өтпөй калганда ал жактагы уюлгуп жаткан коррупция жөнүндө парламентте айтканы эсибизде турат…

Мына ушул Сотторду тандоо кеңеши иргөөдөн өткөргөн жана президент дайындаган соттор күнөөсү далилденбеген жерден белгилүү саясатчыларды абакка салды. Алардын тизмеси өтө эле узарып баратат. Маселен, Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Бекболот Талгарбеков…

Белгилүү адамдар мына ушундай өкүм зордукка туш болуп жатканын көрүп туруп, катардагы карапайым жаран кандай адилетсиздикке  туш болуп жатканын айтуу кыйын…

 

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар