Кумтөрдө Кыргызстандын үлүшү дагы кыскарды…

Кумтөр кыргыз мамлекет башчыларынын ченемсиз коррупциялашуусунун жана эки жүздүлүүгүнүн символуна айланган.

2003-жылы Кумтөрдө Кыргызстандын үлүшү 67% турганда Аскар Акаев жылмайып туруп, кылымдын аферасын ишке ашырган. Ал кездеги канадалыктар менен акаевдер жүргүзгөн афералык операциянын натыйжасында Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшү 33% түшүрүлгөн. 33% акциянын 17% ошол замат эле 83 млн. долларга өтө арзан сатылып кеткен.

“Центеррада” кыргызстандык чиновниктердин да үлүшү бар дегенде мына ошол 17% акциянын ээлери кыргыз чинвониктери, акаевдер болуп чыгышы толук ыктымал…

2003-жылдагы афера менен Кыргызстандын “Центеррадагы” позициясы ого бетер алсырап, эч нерсеге жарамсыз болуп калган. Акционерлер жыйынында да, Директорлор кенешинде да эч кандай таасири жок катышуучу катары гана калган.

Мына ушундай афераны жылмайып туруп ишке ашырган Акаев  “Кумтөр алтыны асмандагы жылдыздай болуп калды. Жаркырайт бирок жылуулугу бизге жетпейт” деп анткорлонгон жайы да бар.

2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Бакиевдер 3-4 жылга созулган сүйлөшүүнүн соңунда Кыргызстандын үлүшүн 33% кайра жеткирген.

Үлүштүн көбөйүшүнөн көбөйүшүнөн Кыргызстан материалдык пайдасын байкабаса да, моралдык кенемтеси азыраак болсо да толгон.

2010-жылдагы март ыңкылабынын лидери саналган Атамбаев Кумтөр боюнча келишимдерди “коррупциянын символу” деп атап, бирок бийликке келгенден кийин аны өзгөртүүгө эч кандай кадам жасабады. Тескерисинче, 2009-жылдагы келишимди кантип болбосун сактоого  аракет жасап, аны өзгөртүү боюнча парламент, коомчулуктагы талаптарга байкатпай бут тосуп, чалып жыгып келди.

Атамбаев жана Текебаевдин мына ушундай  эки жүздүү бузукулугунун айынан Жантөрө Сатыбалдиевдин Кумтөрдө үлүштөрү 50/50%дан бөлүнгөн биргелешкен ишкана түзүү аракети ишке ашпай калды. Келишимге жетишүү алдында турганда Жантөрө Сатыбалдиевди кызматтан кетиришти. Текебаев кийин мойнуна алгандай алар муну Атамбаев экөө макулдашып жасашкан…

Жантөрө Сатыбалдиевдин ордуна өкмөт башына келген Жоомарт Оторбаевдин “Центерранын” башка акционерлери менен Директорлор кеңешин өзгөртүү аракети да Атамбаев жана анын айлана-чөйрөсүнүн аракети менен талкаланды.

“Центерра” болсо кутуруп атат. Алтынга туйтунуп атат. Кумтөрдөн жыл сайын 16-18 тонна алтын казат. Маселен, өткөн жылы 17136 киллограмм алтын алган. Бир грамм алтындын баасы Кыргызстандын Улуттук банкынын 20-июлдагы баасы менен 1 грамм алтын 4.262 сом турат.

Демек, Кумтөр өткөн жылы казып алган алтынды 73 млрд. сомго же 1 млрд. доллардан ашуунга саткан. Анын ичинен Кыргызстан бюджетине төлөгөн суммасы 87 млн. долларга жакын же 6 млрд. сомдун тегереги. Алып кеткени 67 млрд. сом. Албетте, мунун ичинен кен казуу жана башка чыгашалар бар деңизчи. Бирок алардын суммасы андай эле асман чапчыбайт.

Мына ушул афералык көрүнүш башка жагынан да уланууда.

Жергиликтүү маалымат каражаттары 19-июлдагы маалыматында “Центерра голд инк” кошумча акцияларды чыгарып, анын айынан бир жылда Кыргызстандын “Центеррадагы” үлүшү 6%га кыскарып, 26.28% болуп калганын маалымдады. Ага чейин Кыргызстандын үлүшү 32.7% болгон.

“Центерра голд инк” өзүнүн сайтында 2016-жылы Thompson Creek  фирмасын сатып алуу үчүн  кошумча акция эмиссиялаганын маалымдаган. Жалпысынан 141.4 миллион долларга 26 599 500 акция чыгарылган.

Кошумча эмиссия менен Кыргызстандын акциясы мурунку санында кала берет, бирок жалпы бөлүп келгенде үлүшү кыскара берет.

Бул талкаланган экология кала берет, элдин, мамлекеттин ырыскысы кемий берет дегенди билдирет…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар