Кумтөр лакмус кагазы…

Атамбаев Кумтөр боюнча жаңы келишимдерге алты жыл бою бут тосуп келип, президенттигинин соңунда, 2017-жылы сентябрь айында сүймөнчүгү Сапар Исаковго  жаңы стратегиялык келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ал келишим абдан макталды, жакталды.

Бирок Сапар Исаков өкмөттөн айдалып, абакка камалгандан кийин азыркы өкмөт башчы Абылгазиев «келишимди жакшыртышыбыз керек» деп, иш жүзүндө Исаковдун келишимин быйыл июнь айында сынга алган.

Бирок андан бери үч ай өтүп, Сапар Исаковдун келишими толук күчүнө кирүүсү жакындап келатат. “Центерранын” кабарлоосуна караганда, кыргыз өкмөтү менен “Центерра” стратегиялык келишимдин күчүнө кирүүсүн 2-ноябрга чейин токтото турууну 24-августа макулдашылды. Мына ушул мезгилдин ичинде тараптар Сапар Исаковдун келишимин “жакшыртууга” тийиш…

А бирок аны жакшыртуу багытында эч кандай кыймыл аракет байкалбайт. “Кумтөр боюнча баары ачык болуш керек” деген өкмөт башчы Мухаметкалый Абылгазиев тымтырс.

Кумтөрдүн тарыхына кайрылганда, 700 тоннанын тегерегинде алтыны бар Кумтөр кени 2003-жылы Кыргызстан көзөмөлүнө толук өтөөр алдында  “Центерра” менен Акаев  жалпы өлкөнү алдап, сызга отургузуп кеткен. Анткени Кумтөрдө 67% үлүшү бар Кыргызстандын үлүшү бир заматта 33% га түшүп, кыргыз тарап Кумтөргө таасир этүү мүмкүнчүлүгүнөн толук ажырап калган. Ал 33% үлүштүн да 17% Акаев дароо сатып, өлкөнү ого бетер карайлаткан.

2005-жылы бийликке келген Бакиев үч-төрт жыл бою сүйлөшүү жүргүзүп жатып, 2009-жылы Кыргызстандын үлүшүн кайрадан 33% көтөргөн.

Бакиевге оппозиция болуп, Кумтөрдү коррупциянын “атасы” атап жүргөн Атамбаев алты жыл президенттигинде Бакиев келишимине эч кандай өзгөртүү киргизүүгө жол бербеди. Жаңы келишим түзүү аракеттерине бут тосуп, “Центерранын кызыкчылыктарын коргоп келди. Атамбаев доорунда көпкөн “Центерра” эмиссия жасоо менен Кыргызстанды дагы бир жолу алдап, үлүштү 26%га түшүрдү…

Эми Жээнбеков менен Абылгазиевге кезек келди. Алар  да “Центерра” менен “оюн ойноп” өздөрүнө пайда өөнөп алуунун үстүндө жүрүшөбү же Кумтөрдү Кыргызстанга кайтарып, алданган элге татыктуу алтынын кайтарып береби?

Абылгазиевдин адегенде соодалашкандай “келишимди жакшыртышыбыз керек” деп, анан унчукпай калышы, ал эми Жээнбековдун Кумтөр жөнүндө бир сөз айтпай отурушу пессимисттик ойлорго түртөт.

Атамбаев алты жыл боюнча “Кумтөр саясий эмес, экономикалык маселе катары каралыш керек” деп жүрүп, “Центерранын” арыгын чапкан эле. Эми Жээнбеков менен Абылгазиев  “бизнеске тийбешибиз керек” деп “Центерраны” жакташабы?!.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар