Кулов жана Шеримкулов Атамбаевди саясий туткундарды кечирүүгө чакырды

30-августа Бишкекте сөз эркиндиги жана өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулаган жыйын болду. Анда президент Алмазбек Атамбаевге оозеки кайрылуу жолдонду. Легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов жана мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов Атамбаевди саясий туткундарга кечирим берүүгө жана ЖМКларга карата соттук доолорду кайра чакыртып алууга үндөдү.

“Саясий туткундарды коргоо” комитетинин төрагасы Сапар Аргымбаев учурда Кыргызстанда 25 саясий туткун камакта деп билдирди.

Президенттин ар-намысына шек келтирди деген айып менен “Заноза” сайты соттолуп, жабылган. Жакында оппозициялык маанайдагы “Сентябрь” телеканалы жабылды.

27-июлдан 20-октябрга чейин Бишкекте тынч жыйын, митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынган.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар