КСДПнын бүйүр кызыткан курултайы болот

Курултайда бийлик партиясы президенттикке талапкерди бекитиш керек. КСДПнын саясий кеңеши президент Атамбаевдин сунушу менен талапкерликке өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду колдогон. Бирок партия ичинде кайчы пикирлер пайда болуп, Жогорку Кенештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу президенттик шайлоого талапкер катары баруу ниетин билдирген.

Андан кийин партиянын жаштар канатанынын лидеримин деген Ренат Самудинов талапкерди праймериз аркылуу тандоону сунуштады. Бирок партиянын маалымат кызматы партияда жаштар канаты жоктугуну, Самудиновдун өзүн лидер атап алуусу туура эместигин билдирген.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар