КСДП талаш…

Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин бийлик талашуусу Жээнбековдун жеңиши менен аяктады. Жээнбековдун жеңишке жетишүүсүндө президенттик бийликтин күчтүүлүгү, Атамбаевдин элди да, элитаны да тажаткан жүрүш-турушу өзүнүн ролун ойноду.

Бирок Атамбаев “оюндан” чыга элек. Анын колунда акыркы “көзүрлөрүнүн” бири КСДП партиясы турат. КСДП үчүн күрөш болсо кызуу деңгээлине жетип баратат.

Президент Жээнбеков формалдык түрдө партия ишине аралаша албайт. Ага конституция жол бербейт. Бирок президентке партия керек. Атамбаев КСДПны “таянычым” деп, өкмөттү калчоодо каалагандай колдонгондой, Жээнбеков үчүн да өкмөттү көзөмөлдөө үчүн парламентте өзүнүн жана анын жандоочу партиялары керек. Азыркы конституциянын негизинде иш улана турган болсо, бул сөзсүз талап кылына турган нерсе…

Ошентип, Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДПнын пайдаланабы же башка партияны алып чыгабы деген суроо кабыргасынан коюлар алдында турат. Анткени парламенттик шайлоонун мөөнөтү жакындап келатат. Ага кандайдыр бир даярдыктар азыртан көрүлө башташ керек.

Атамбаев өз кезегинде КСДПны колунда кармап, ага кошумча эбегейсиз финансылык ресурсун камдап, маалымат каражаттарын даярдап парламенттик шайлоодо негизги күрөшүн жарыялаганы турат. Ал таасирлүү саясатчыларды бирден чакырып, жанына тартууга аракеттенип, керек болсо каржылык маселесин чечип берүүгө убаларды берип жатканы маалым.

Жээнбековдо убакыт аз. Анын үстүнө анда финансылык ресурсу чакталуу. Бирок учурда ал бардык финансылык агымдарды көзөмөлгө  алды. Ошондуктан кыска мөөнөттө финансылык маселени чечиши ыктымал. Анын үстүнө Кытай да аянбастан миллиондогон гранттарды бөлүп жатат…

Эми партия үчүн күрөштүн пратикалык жагына келгенде, жакында эле КСДПнын эски активисттеринин бири Сагынбек Абдырахманов партиянын чукул курултайын чакырып, анда Атамбаевди партиядан чыгаруу маселеси караларын билдирди. 31-марттагы КСДПнын курултайында партия мүчөлөрүнүн ортосунда курч келишпестик болуп, бир топ саясатчылар, партия активисттери курултайдан чыгып кетишкен. Терс пикирлерин билдиришкен. Ошондуктан КСДПдагы бөлүнүп-жарылуучулук Атамбаев-Жээнбеков келишпөөчүлүгү менен бирдей эле башталган. Демек, Сагынбек Абдырахмановдун демилгесин колдоочулар табылбай койбойт.

Анын үстүнө КСДП фракциясынын көпчүлүк мүчөлөрү жаңы президентти колдоп кетти. Ал эми азыраак бөлүгү Атамбаевге ишенимдүү бойдон калууда.

Сагынбек Абдырахмановдун билдирүүсүнө КСДПнын жообу дароо эле жарыяланды. Ал жоопто С.Абдырахманов өткөн жылы эле партиянын катарынан чыгарылганы, ага “Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин президенттикке көрсөтүү боюнча Абдырахмановдун каршылыгы себеп болгону” айтылган. Бул жоопто Жээнбековго “кимди колдонуп жатасың” дегендей да ишаара жатат.

Жээнбековдордун КСДПнын колго алуусуна партиядагы башка таасирлүү жана акчалуу саясатчылар тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Анткени Чыныбай Турсунбеков, Калыкбек Султанов, Ирина Карамушкина,Марат Аманкулов, Данияр Аттокуров ж.б. Атамбаевден кол үзүшө элек.

Ошондуктан Жээнбековдун партияны өз көзөмөлүнө алуу аракети чоң жаңжал жана бөлүнүп-жарылууга алып келиши ыктымал.

Республикадагы белгилүү карыялардын бири Атамбаев бийликти кайра колуна алууда ар кандай чагым, ал эмес өлкөнү бөлүп-жарууга баруудан да кайра тартпайт дейт… Ал Акаев, Бакиевде “эл эмне дейт” деген бир аз болсо да иймениүү болсо, Атамбаевде андай эч нерсе жок, ал “отморозок” деп сыпаттайт…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар