Коридор дипломатиясы кырдаалды жеңилдетеби?

Кыргызстанда президенттик шайлоого үч-төрт күн калганда кырдаал татаалдашты. Ички катуу тирешүү жана атаандашууга тышкы фактор кошулду. Казакстан кыргыз эмгек мигранттарын кысымга алып, автоунаалардын бажы жана чек ара көзөмөлүнөн өтүүсүн татаалдантты. Анда кыргыз-казак чек арасында көп чакырымдарга созулган жол тыгындары, адамдардын топтолуусу пайда болду.

Өз жеринде жумуш таппай, жумушту сырттан тапкан кыргыз эмгек мигранттары дагы бир оорчулукка туш келди. Өзү жумуш таап бербеген кыргыз бийлиги, орунсуз сөздөрү менен сырттан жумуш таап, жанын багып жаткан жарандарынын турмушун татаалдантты.

Дордой базарына да сокку урулду. Жүз миндеген тигүүчүлөр, миңдеген соодагер, ишкерлер жумушсуз калуу коркунучуна кабылды. Анткени Казакстан тараптан жасалган транспорттук блокада товарлардын, демек Кыргызстанда тигилген кийим-кечелердин өтпөй калышына алып келүүдө.

Мына ушунун баары президент Атамбаевдин 7-октябрда мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземи учурунда Казакстан бийлигине карата одоно жана орой сөздөрүнөн кийин жасалууда.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга карата опурулуусуна казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстандагы президенттик шайлоодо бийлик талапкери эмес, анын оппоненти Өмүрбек Бабановду колдоосу себеп болду.

Кыргыз бийлиги Нурсултан Назарбаев жана казак олигархтары Өмүрбек Бабановду сөз жүзүндө эле колдоп калбай, шайлоочуларды сатып алуу үчүн ага миллиондогон доллар акча берди деп ишенет. Бабановго бери дегенде 10 млн. доллар же 700 млн. сом берилгени айтылып жатат.

Кыргыз-казак чек арасында кырдаал оорлошкон күнү, 11-октябрда президент Атамбаев Таласта жумуш сапарда болду. Ал жергиликтүү активисттер менен жолугушуу өткөрдү. Атамбаевдин шайлоо алдында бул региондорду кыдыруусунун түпкү максаты бийлик талапкери Сооронбай Жээнбековду сүрөө экени белгилүү.

Шайлоо алдында кырдаал татаалдашканына байланыштуу Алмазбек Атамбаев 11-октябрда Сочиде болгон КМШ жана Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттер саммитине барбай калды. Ал жыйынга Кыргызстандан премьер-министр Сапар Исаков катышты.

Сапар Исаков Сочи саммитинде коридордо бараткан казак президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүүгө аракет жасаган. Ал чек арадагы кырдаалды жөнгөрүүнү өтүнгөн.

Сүрөттөр көрсөткөндөй Сапар Исаков казак президенти менен отуруп эмес, коридордо баратканда  жардам суроого үлгүргөн.

Маалыматтарга караганда, Нурсултан Назарбаев кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаалды жөнгөрүүнү казак өкмөтүнө тапшырган.

Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасында адамдар өтө албай күндөп туруп калганына байланыштуу чатырларды тигип, адамдарды ысык тамак, тез жардам менен камсыздоону Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырган. Ал жерде министрлик чатырларды тиккени маалым болду…

Казак бийлиги кыргыз-казак чек арасында кырдаалды оорлотуу менен Кыргызстандын транспорттук жана соода кан тамырын басып, кекиртектен алып, муунтуу абалына жакындатты.

Бул Казакстан дарегине одоно жана орой сөз айткан президент Атамбаевге жасалган эскертүү болду…

Сапар Исаковдун Нурсултан Назарбаевге коридордо айтылган өтүнүчү орундалып, чек арада абал жеңилдейби?

Аны эми жакынкы күндөр аныктайт.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар