Коопсуздук Кеңешиндеги “абсурд”…

11-сентябрда президент Атамбаевдин төрагалыгы астында Коопсуздук Кеңештин жыйыны болду. Анда президенттик шайлоо маселеси жөнүндө сөз болду.

Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосу боюнча, жыйында президент Алмазбек Атамбаев “Шайлоо таза жана ачык өтсө, эл анын жыйынтыгын кабыл алат. Шайлоо таза өтүш керек” деп белгилеген.

Шайлоонун таза өтөрүнө оппозицияда эч кандай ишеним жок. Ишеним жок деп зар какшаган, мыйзам бузууларды айтып келаткан Өмүрбек Бабанов, бирок фракция лидери катары Коопсуздук Кеңеште отурду…

Үгүт өнөктүгү башталганга чейин жана Коопсуздук Кеңештин жыйынынын алдында региондорду кыдыруусунда Алмазбек Атамбаев “алдыдагы шайлоодо досум жеңишке жетиши мүмкүн” деп, алдын-ала досу Сооронбай Жээнбековдун пайдасына кыйыр үгүт жүргүзүп келди.

“Административдик ресурсту колдонуу эч нерсени чечпейт, андан добушту  акчага сатып алуу коркунучтуу” деген Атамбаев бийлик Жээнбековдун пайдасына административдик ресурсту бардык жерде колдонуп жатканын бир жагынан мойнуна алып, экинчи жагынан административдик ресурсту колдонууну кыйыр түрдө актап кетти…

“Таза шайлоо” деген бийлик эң тажаал оппозиционерге айланган Өмүрбек Текебаевди шайлоодон четтетип, шектүү айыптоо менен абакка салды. Оппозициялык маанайлар чагылдырылып, пикирлер айтылган “Сентябрь” телеканалы бир күндүн ичинде жабылды. Сайттар куугунтукталып, журналисттер ооздукталды.

Мына ушундай шартта “таза жана ачык шайлоо” жөнүндө сөз болуп жатат.

Коопсуздук Кеңештин жыйынында шайлоону кантип таза өткөрүү боюнча вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев жана БШКнын төрайымы Нуржан Шайылдабекова сөз сүйлөгөн.

Шайылдабекованын айтымында, шайлоочулар тизмеси мурункудай шайлоо күнү эмес, азыртан эле ачык коюлат. Бюллетенден саналгандан кийин кол коюлган протоколдор 2-3 сааттан кийин БШКанын сайтына  жарыялана баштайт.

Жалпысынан президенттик шайлоону өткөрүүгө 671 млн. сом каражат жумшалат. 2375 шайлоо участогу иштей баштады. Чет жактарда 37 шайлоо участогу ачылат.

Шайлоочулар тизмесинде 2 млн. 935 миң адам катталган.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар