Коопсуздук кеңеш жол коопсуздугун карайт

17-июлда Коопсуздук кеңештин кезектеги жыйыны болот. Президент Атамбаев өткөрө турган жыйында жол коопсуздугу, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу жана стратегиялык обьектердин тизмеси боюнча сунуштар каралат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстан жол кырсыгы эң көп катталган мамлекеттердин катарына кирет. Ички иштер министри Улан Исраиловдун маалыматы боюнча, быйылкы жылдын үч айында эле Кыргызстанда 1169 жол кырсыгы катталып, анда 148 киши, анын ичинен 8 бала каза тапкан. 1686 киши, анын ичинен 221 бала жаракат алган.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар