Көк-Жаңгакта шайлоочулар эң аз келди

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 28-майда өткөрүлгөн Көк-Жаңгак шаардык кеңешине шайлоого шайлоочулардын 27%дан ашууну гана катышты. Башкача айтканда, шаарда катталган 4634 шайлоочунун 1289 гана добуш берүүгө келген. Ага салыштырмалуу Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоодо шайлоочулар активдүүлүктү көрсөткөн. Букл шаарда катталган  37563 шайлоочунун 24235 катышкан же 64%дан добуш берүүгө келген. Айдаркенде 37%, Кадамжайда 49%га жакын, Кеминде 58%дан ашуун, Кара-Балтада 61%дан көп, Таш-Көмүрдө 52%га жакын, Ноокатта 39% шайлоочу добуш берүүгө катышкан.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар