Конституциялык палата саясатка байланышкан ишти карайт

Кыргызстан жарандары Рита Карасартова, Нарын Айып жана Клара Сооронкулова Конституциялык палатага кайрылышкан. Алар “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү” мыйзам Конституциянын 5, 16, 31, 60 жана 104 беренелерине каршы келерин белгилешкен.

Конституциялык палата жарандардын бул арызын кароону 7-июлга белгилеген.

Башкы прокуратура “Президенттин ишмердигин кепилдөө жөнүндөгү” мыйзамга таянып, маалымат каражаттарын жана жарандык активисттерди сотко бергени маалым.

Башкы прокуратура президентти коргоо максатында сотко берген доо арызда «Заноза» сайтындагы маалыматтар президенттин ар намысына, абийрине доо кетирди деп атаган.

Сот бийликтин пайдасына чечимдерди чыгара баштады. Маселен, Октябрь райондук соту “Заноза” сайты жана анын авторлоруна каршы берилген 5 доо арыздын төртөөсү боюнча чечим чыгарып, сайт, журналист Нарын Айыпты жалпысынан 24 млн. сомго айыпка жыкты.

Нарын Айып райондук соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн шаардык сотко кайрылышарын, бирок андан сыйкыр күтпөсүн билдирген.

Эми Конституциялык палата Башкы прокуратура жана президенттин журналист, сайт жана жарандык активисттерди сотко беришинин конституцияга туура келишин карайт.

Конституциялык палата 2014-жылы бийликтин безине тийген чечим чыгарган. Анда  Конституциялык палата УКМКанын алдындагы антикоррупциялык кызматтын жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга, министрлерге козголгон кылмыш иштерин Конституцияга каршы келет деп тапкан. УКМКнын антикоррупциялык кылмыш иштерин мыйзамсызга чыгарган. Бул чоң жанжал жаратып, Конституциялык палата  бийликтин басымы астында калган.

Ал кездеги Конституциялык палатанынтөрагасы Муканбет Касымалиев болгон. Ал окуядан кийин анын ордуна Эркин Мамыров келген.

Ошондуктан Конституциялык палата бул ирет кандай чечим чыгарарын айтуу кыйын. Айта кетүүчү нерсе, Конституциялык палатага арыз жолдогондордун бири Клара Сооронкулова Конституциялык палатанын судьясы болгон.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар