Конституция…

5-майда Кыргызстанда Конституция күнү белгиленди. Эгемен Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылы 5-майда “легендарлуу Жогорку Кеңеш” тарабынан кабыл алынган эле.

Андан кийин Конституция көп жолу өзгөртүлдү. Акыркы жолу 2016-жылы Атамбаев өзгөрттү. Ага чейин 2010-жылы Текебаевдин төрагалыгы астында Конституциянын азыркы редакциясы жазылган эле.

Мына ошол Текебаев жазып, Атамбаев оңдогон Конституциянын акыркы редакциясы Кыргызстанда бийлик бутактарынын тең салмактуулугун жаратып, кайсы бир бийлик бутагынын үстөмдүгүнө алып келбейт деп ишендирилген.

Бирок мунун баары кургак сөз экенин жети жыл бою Атамбаев далилдеп келди. Андан кийин кыска убакытта Сооронбай Жээнбеков далилдеди. Кыргызстанда сот жана парламент президент алдында чөгөлөгөн, анын ыгынан чыга албаган мажирөөлүгү ырасталды.

Негизи мамлекеттин эң маанилүү түркүктөрүнөн болгон бул эки органдын президенттен көз каранды болушу Конституцияда, шайлоо мыйзамдарында жазылып калган. Бул Кыргызстанда бийликти узурпациялоого жана катачылыктарды кайталоого алып келип жатат. Маселен, анын айынан Акаев, Бакиев учурунда үй-бүлөлүк башкаруу өрчүсө, Атамбаев доорунда чала сабат шоопур, жансакчы, секретарлардын арааны жүрдү. Парламент жана сот алардын жетим жүгүрүгүнө айланды.

Парламент жана сот эми Сооронбай Жээнбековдун “жетим жүгүрүгүнө” айланып олтурат. Ошондуктан мурдагы катачылык, узурпациянын кайталануусуна жол кеңири ачык турат. Президенттик аппараттан туруп сотторду каалагандай калчаган Манас Арабаев сыяктуулардын кызматтан бошотулбашы чочулоолор негиздүү экенин билдирет…

Сооронбай Жээнбеков Атамбаевден көз каранды болуп турганда  толук парламенттик башкарууга өтүүнү жактаарын билдирген. Бирок ага качан жана кандай баруунун мерчемдерин айта элек.

Эгерде Атамбаев каалагандай азыркыдай партиялык тизме менен парламент шайланса же куралса, анда келечек тумандуу. Анда партия лидерлеринин узурпациясы, бизнеси, коррупциясы гүлдөйт, уланат. Анткени партиялык тизмедеги алдыңкы орундар сатылып, парламент туулбай жатып булганат, коррупцияланат. Элге өз депутатын шайлоого жол берилбейт. Кимдин депутат болушун партия лидери аныктайт. Бул узурпациянын биринчи кадамы. Анткени элдин тандоосуна жол берилбей калууда.

Ошондуктан Англия, Франция, Япония, Түштүк Корея, Германия тажрыйбасын эске алып, Жогорку Кеңештин депутаттарын бир мандаттуу округдардан шайлоо максатка ылайыктуу. Ал округдардан эркин талапкер өзүн-өзү көрсөтүүгө, партиялар да  талапкер көрсөтүүгө укуктуу болууга тийиш. Мына ошондо парламентке жаңы саясатчылардын келишине жол ачылат. Депутаттын региондор менен байланышы, жоопкерчилиги калыбына келет. Партиялык узурпация жана монополияга чек коюлат. Эң башкысы шайлоочуларга таянган күчтүү Жогорку Кеңеш келет.

Ал эми сот бийлигин көз карандысыздыкка жеткирүү үчүн аны президент жана анын аппаратынын таасиринен алып чыгуу зарыл. Бул үчүн Конституциянын 95 беренесин жокко чыгаруу же аны таптакыр жаңы редакцияда берүү зарылдыгы сунушталган.

Мына ушундай шартта гана Кыргызстанда бийлик бутактарынын тең салмактуулугу пайда болот. Демек, узурпацияга, эң жогорку деңгээлде, масштабдуу уурулуктарга бөгөт коюлат…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар