Конгантиевди “кодулоо” токтоосунан кийинки ойлор…

Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иш токтотулду. Легитимдүү ички иштер министри катары тополоң чыккан жерге барып, мыйзамдуулукту орнотууга аракет жасаганы үчүн кылмыш иштин козголушу өзү абсурд болчу.  Анын үстүнө министр өзү аесуз сабалып, кан жалап өмүрү коркунучка келсе… Мындайда нормалдуу мамлекетте министрдин кармалып, сабалышы боюнча кылмыш иши козголот эле.

Конгантиев иши 2005-жылдагы, 2010-жылдагы окуяларды эске салат. Анда эмне болду эле? Калк көтөрүлүп, өз мамлекетинин жетекчилерине каршы чыгуусуна эмне себеп болду? -деген суроолор жаралат.

1990-жылы Аскар Акаев президент болуп шайланган. Андан кийин 1995, 2000-жылдары кайра-кайра президент болуп шайланды. Акаев үч жолу президенттикке шайлануу менен конституция талаптарын бузган эле. Мына ушунун өзү коомчулуктун ага каршы көтөрүлүүсүн моралдык жана мыйзамдык жактан актагандай болот. Анткени ал өзү конституция талабын бузууга барды.

2005-жылдагы ыңкылаптан кийин президенттик кызматка Курманбек Бакиев келди.Туугандарын, балдарын жогору кызматтарга дайындап, үй-бүлөлүк башкарууну улантты. Муну менен саясий оппоненттеринин бутасына айланды.

Бирок да жакындарын жогору кызматтарга дайындоо Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан эле эмес АКШда гүлдөп жатканын эске алганда Бакиевдин кемчилиги көп өлкөлөргө мүнөздүү көрүнүш экенин көрсөтөт.

Анын үстүнө Атамбаев чала сабат жан сакчы, шоопурлары менен мамлекетти менчигине айлантып, миллиарддап карызга батырганын эске алганда -2010-жылы бир топ тарабынан мамлекетке каршы чоң бузукулук, ал эми ага алданган адамдар тарабынан кыска ойлуулук, өз үйүн өрттөө болгон деген пикирди бекемдейт.

Бакиев 2009-жылы экинчи жолу президент болуп шайланган эле. Эки жолу шайланууга конституция жол берет. Ошондуктан 2010-жылы аны кулатууга коомчулукта мыйзамдык жана моралдык укук бар беле?!

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар