Коммунисттер президенттикке И. Масалиевди көрсөтүштү

Кыргызстан Коммунисттер партиясы кезексиз 11чи курултайын өткөрүп, анда партия лидери Исхак Масалиевдин талапкерлигин президенттикке көрсөттү. Партия чечими 24-июлда келип түшкөнүн  Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Исхак Масалиев учурда Жогорку Кеңештин депутаты. Ал парламентке “Өнүгүү” партиясы менен келген. Масалиев “Өнүгүүнүн” тизмесине кирип, бирок партияга мүчө болбогонун билдирген.

Исхак Масалиев менен президенттикке талапкерлердин саны 38 болду. Алардын ичинен жетөөсү партия тарабынан көрсөтүлсө, калганы өзүн-өзү көрсөткөндөр. Талапкерликке көрсөтүү 1-августка чейин уланат. Учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков талапкерлигин көрсөтөбү же көрсөтпөйбү деген “интрига” сакталып турат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар