Коммунисттер да президенттик шайлоого аттанууну чечти

Бул тууралуу партиянын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Елньюска 14-июнда билдирди. Анын айтымында, июнь айынын аягына карай партиянын курултайы болот. Мына ошондо президенттикке талапкер көрсөтүлөт. Курултайда өзүнүн талапкерлиги көрсөтүлүшү мүмкүндүгүн четке какпаган Исхак Масалиев, бирок баарын курултай чечерин кошумчалады.

Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону 15-октябрга белгилеген токтомду 14-июнда кабыл алды.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар