Kloop.kg КСДПнын шайлоодогу “кылыктарын” бүт ачып салды…

Kloop.kg сайты президенттик шайлоо учурунда Мамлекеттик каттоо кызматында сакталып турган 2 миллиондой жаранга тиешелүү жеке маалыматтарын бийлик (личные данные) Samara.kg сайты аркылуу колдонуп, аны менен бюджеттик кызматкерлердин, студенттердин, мугалимдердин, дарыгерлердин, акчага сатылып алынган шайлоочулардын бийлик талапкерине добуш берүүсүн көзөмөлдөгөнүн өз иликтөөсүндө аныктап чыкты. (Мыйзам боюнча Мамлекеттик каттоо кызматындагы жарандардын жеке маалыматтары абдан катуу кайтарууда болууга тийиш. Ал бөтөн-бөлөктөргө такыр берилбеш керек. Анткени анда жарандардын жеке маалыматтары сакталып турат).

Kloop.kgге  Samara.kg  сайтында жасалып жаткан иштерди аныктоого  suppermario12 аттуу хакер жардам берген. Ал Samara.kg сайтын бузуп кирип, андагы маалыматтарды ачык интернетке жүктөгөн.

Андан ары Kloop.kgнин  журналисттери Швециянын Qurium фондунун  криминалисттеринин жардамы менен  13-сентябрдан тарта 13-октябрга чейин Samara.kg сайты чындыгында эле Мамлекеттик каттоо кызматынын серверинде жайгашып турганын аныктап чыккан…

Демек, Мамлекеттик катто кызматынын сервериндеги бардык маалыматтар алардын колунда болгон. Шайлоодо алар аны каалагандай пайдаланышкан. Ал эми президенттик шайлоого эки күн калганда баары жасап бүтүшүп, баары орду-ордуна кою отуруп калышкан…

Азыркы кезде samara.kg  сайты  килем тазалоону рекламалаган сайт катары мурунку калыбына келтирилген. Ачсаңыз килемиңизди жууп, тазалап беребиз деген рекламасы турат…

Kloop.kgнин журналисттер хакердин жардамы менен samara.kg сайты коррупциялык жаңжалдар боюнча абакта отуруп чыккан мурунку министр Учкунбек Ташбаевге тиешелүү экенин да аныктап чыккан.

Ташбаев учурда “Ихлас” курулуш компаниясында иштейт. “Ихлас” курулуш компаниясынын жетекчиси айтылуу “шоопур” менен өтө жакын экени көпчүлүк калкка белгилүү болбосо да, тиешелүү адамдарга өтө белгилүү. Алар биргеликте “Мекеним Кыргызстан” аттуу партияны Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаардык кеңештерине алып келип, эми парламентке алып келүүгө камданып жаткан учуру.

Мына алар “заманбап технология” менен президентти “шайлап” алышты.  Эми парламентке келиш түккө турбаган нерсе да…

 

 

There are 7 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар