Кинематография тармагындагы барктуу журнал 100 эң мыкты фильмди аныктады

Empire журналы эң мыкты фильмдерди аныктоо үчүн 20 миң окурманды сурамжылаган. Толук тизме дүйшөмбү күнү жарыяланат. Азыр биринчи ондук гана белгилүү болуп калды.

 

Эл аралык маалымат булактыранан алынып жазылган  алдынкы бештиктеги  фильмдер тууралуу кыска маалымат сунуштайбыз.

 

Эң биринчи орунду күтүлгөндөй эле  Фрэнсис Копполанын  “Чокундурган аталык” (“Крестный отец”)  фильми  ээлеген.

1979-жылы чыккан фильм Нью-Йоркто жайгашкан Сицилия мафиясы, мафиянын аталыгы Корлеоненин үй-бүлөсү жөнүндө тартылган.

Фильм үч Оскарга, Алтын глобустун беш сыйлыгын жана көптөгөн башка сыйлыктарды алган.

6миллион долларга тартылган фильм 270 миллион доллар алып келген.

 

 

Экинчи орунду “Жылдыз согуштары”. 5 Эпизод: “Империя жооп сокку урат” ээлеген.

Сюжетин Жорж Лукас жазып, фильмди режиссер  Ирвин Кершнер тарткан. 1980-жылы чыккан. Бюджети 16 миллион доллар болуп, прокатта 538 миллион доллар топтогон.

 

Бэтменге байланыштуу фильмдин экинчи бөлүмү  “Түнөргөн рыцарь” үчүнчү орунду алган. Стивен Кинг режиссер  Кристофер Ноландын киносун супербатырлар жөнүндөгү мыкты фильм деп атаган.  Фильм 2008-жылы чыгып, 2009-жылы Оскар сыйлыгын алган. Фильмди эл аябай сүйүп көрүп, миллиард доллардан ашык акча топтогон.

 

1994-жылы чыккан Фрэнк Дарабонттун “Шоушенкадан качуу” фильми төртүнчү орунду ээлеген.  Фильмде жаңылыш түрдө абакка түшүп калган адамдын абактан качуу аракети көрсөтүлөт. Бул фильм Оскар сыйлыгын да, Алтын глобусту да алган эмес. Бирок мыкты фильмдердин катарынан түшпөй келатат.

Квентин Тарантинонун “Криминалдык сабак” (Криминальное чтиво) бешинчи орунду алган. Бул фильм 40 ашык сыйлыкка ээ болгон. Анын ичинде Оскар жана Алтын пальма бутагын алган. 2013-жылы АКШда фильм маданий, тарыхый жана эстетикалык мааниси бар фильмдердин тизмесине киргизилген.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар