Ким Чен Ын Трампты “алжыган чал” деп атады

АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын сөз менен тирешүүсү күч алып, бири-бирин кемсинтип, кордоого өттү.

Түндүк Корея жетекчилигине Дональд Трамптын БУУнун Ассамблеясында “эгерде Түндүк Корея бизге жана союздаштарыбызга коркунуч келтире турган болсо, анда биз ал мамлекетти жок кылабыз” деген сөзү абдан катуу таасир этип, ошого жараша реакция жасалууда.

Ким Чен Ын Трамптын сөзүн “ит үрө берет кербен жүрө берет” деп, өзүн “акылынан азган чал” деп атады.

Түндүк Корея лидери Трамптын сөзүнөн кийин ракета-ядролук куралдануу идеясы эң туура болгонун белгиледи. Буга кошумча иретинде, Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Ен Хо Түндүк Корея суутек бомбасын жаңыдан сыноо өткөрүү мүмкүнчүлүгүн билдиргенин  Yonhap агенттиги жума күнү кабарлады.

Түндүк Корея август айында суутек бомбасын сыноо максатында жардырып, дүйнөнүн каарына калган. Ал жардыруудан кийин БУУ Түндүк Кореяга каршы катаал санкцияларды кабыл алды.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кечээ күнү БУУда сүйлөгөн сөзүндө Түндүк Кореянын ракета-ядролук сыноолорун айыптап, бирок маселени саясий жол менен чечүүгө тараптарды чакырды.

Корея жарым аралында кырдаал өтө курч экенин бардык тараптар эскертүүдө. Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын да атайын билдирүүсүндө, кырдаал жарылуу деңгээлине жакын экенин белгилеген. Анын билдирүүсүндөгү айрым сүйлөмдөрдү келтирүү абалдын канчалык оор экенин айгинелейт:

«Трамп дүйнө алдында мени жоготуу жана кордоого барды. Тарыхта болуп көрбөгөндөй катаалдык менен биздин республиканы жок кылуу максатында согуш жарыялады. Биз, өзүбүз тараптан өтө олуттуу түрдө адекваттуу, тарыхта болуп көрбөгөндөй ашкан катаал жооп чараларды көрүүнү караштырабыз… Алжыган чалды ок менен акылына келтиребиз».

Япония тышкы иштер министрлиги Түндүк Корея суутек бомбасын баллистикалык ракета менен атып, Тынч Океанда жардырууну көздөп жатат деп боолголойт. Демек, суутек бомбасы дүрмөттөлгөн ракета Япониянын үстүнөн өтүүгө тийиш…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар