Кен байлыктары тонолгон Кыргызстан: Шамбесай тажрыйбасы

Кыргызстанда Кумтөр коррупциянын, өз мамлекетин жана элин тоноонун символу болуп калган. Бирок кен байлык, алтынды талап-тоноо Кумтөр менен эле чектелип калбагандыгы өтө аянычтуу жана өкүнүчтүү көрүнүш.

Кумтөрдөн кийин алтыны эң көп (90 тоннанын тегерегинде) Жерүй да жең ичинен кеткен. Атамбаев жана Бабанов 4 млрд. доллар турган алтынды 100 млн. долларга чечен ишкерине сатып жибергени маалым…

Жалал-Абаддагы Бозымчак, Иштанберди сыяктуу ири алтын кендеринин абалы андан да аянычтуу. Аларды талап-тоноо, экологияга, жолдорго эбегейсиз зыян келтирүү бүгүнкү күнү уланып жатат.

Бул кендер Кумтөр сыяктуу Акаев, Бакиев мезгилинде коррупциянын кулкунуна түшүп кеткен. Бирок бул абалды Атамбаев өзгөртүүгө аракет жасабагандай эле азыркы бийлик да кайдыгер…

Мына ушул Кыргызстандагы ири алтын кендеринин тагдырын Кадамжайдагы Шамбесай алтын кени да тартуу абалында турган. Бирок, тилекке жараша Шамбесай алтын кени жайгашкан Майдан айыл өкмөтүнүн жана ага танапташ Марказ, А.Масалиев, Чавай айыл өкмөттөрүнүн тургундарынын каршылыгы менен кенди ачууга жол берилбей келатат.

Бери дегенде 15 тонна алтыны бар делген Шамбесай алтын кени Майдан айылына жана Исфайрам дарыясына абдан жакын жайгашкан. Жанаша турат. Ошондуктан кенди казуу экологиялык жактан абдан опурталдуу. Андан сырткары кенди ачуунун экономикалык жактан зыяндан башка пайдасы жок. Анткени кенде Кыргызстандын 1% үлүшү жок. 40 млрд. сомдук алтындан “инвестор аталымыштар” 5 жылдын ичинде Майдан айыл өкмөтүнө 40 млн. сом беребиз деп убадалаган. Демек, жыл сайын 8 млн. сомдон берилет экен.

Майдан айыл өкмөтү Кадамжай районунун Үч-Коргон зонасында жайгашкан. Бул жерде багбанчылык абдан өнүгүп, алма, шабдаалы, өрүк, гилас көчөттөрү өстүрүлүп, республика боюнча таратылат, сатылат.

Майдан айылында да калк алма, гилас, өрүк, шабдаалы өстүрүүгө ыкташкан. Чакан-чакан жерлерине эгилген гилас, алмадан жергиликтүү бир үй-бүлө жылына 500 миң сомдон 1 млн. сомго чейин киреше алат.

Эгерде алтын кен иштесе мына ушул мөмөлүү бактардын түшүмү да зыянга учурайт. Ошондуктан жергиликтүү калк ичинде өкмөткө мына ошол 40 млн. сомду биз эле топтоп берели деген сөздөр чыгууда.

Мына ушул калктын турмушун бүлгүнгө салып, “инвестордун” акчасына алкымын бузуп алгандар Майдан айыл өкмөтүндө, Кадамжай район акимчилигинде бар. Ошондуктан жергиликтүү калктын жапатырмак каршылыгына карабай “инвестордун” үмүтүнө жип байлап, андан ар кандай долбоорлорго Кадамжай район акимчилиги жана Майдан айыл өкмөтүнүн жетекчилиги акча алып келатат.

Бул куру сөз болбош үчүн айрым фактыларды келтирсек. 2013-жылы апрель айында Кадамжай район акими Акрам Мадумаров менен “Зет-Эксплорер” компаниясы Үч-Коргон-Теңизбай жолун оңдоо үчүн келишим түзөт.  Компания жол оңдоого 1 млн. 767 миң сом жумшайт (тийиштүү төлөм кагаздары бар)… Бирок калк жол оңдолбоду, оңдолсо да “кожо көрсүнгө” грейдер бир жолу жүрүп  койду деп күбөлөйт.

2013-жылы май айында “Зет-Эксплорердин” башчысы Олег Гапоненко марттыгын көрсөтүп, Майдан айылынын тургундарына 2 млн. 700 миң сомдук жардам көрсөтөт. Каражат  Шамбесай кенин чалгындоо иштери учурунда үйлөрү жарака кеткен адамдарга бөлүнөт. Бул каражаттан 250 миң сом аким Акрам Мадумаровго тийген, калгандарын жергиликтүү төбөлдөр бөлүштүрүп алган деп, Майдан айыл өкмөтүнүн тургундары арызданып жүрүшөт…

Албетте, аким менен мындай келишимге кол койгондон кийин “Зет-эксплорер” Шамбесай алтынан кенин иштетүүгө үмүтү күчөйт.  Шамбесай алтын кенине техникаларын алып келе баштайт. Бул калк менен кенчилер ортосунда кырдаалды курчутуп, 2013-жылы ноябрь айында кагылышуу болуп кетет. Жергиликтүү тургундар “Зет-Эксплорердин” Кара-Жыгач айылындагы кеңсесин бузуп, оргтехникаларын талкалайт…

Райондук бийлик, милиция, прокуратура кенди иштетүүгө каршылардын сары изине түшүп, кылмыш ишин козгойт. Куугунтук жүрөт. Айрым активист балдар Бишкек, Россияга кетүүгө аргасыз болушат.

Бирок  “Зет-эксплорер” кенди иштетүүгө даабайт. Анткени калктын каршылыгы абдан күчтүү эле. Калк ичиндеги мындай маанайга карабай район акими жана Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Нурматов дагы эле “инвестор” менен “оюнду” улантып,  анын акчасын ала беришет.

Маселен, 2017-жылы апрель айында “Зет-Эксплорер” менен Майдан айыл өкмөт башчысы Алтынбек Нуматов  739 миң сомго келишим түзөт. Акча дагы жол оңдоого жумшала турган болот (жыйынтыгында 801 миң сомдон ашык жумуш жасалды деп документке кол коюшат)…

2018-жылы 2-февралда Майдан айылында жергиликтүү калктын чоң жыйыны болот. Ага 6 миңден 10 миңге чейин калк катышат. Мына ошол жерде райондун жаңы акими Жаныбек Исаков, Майдан айыл өкмөт башчсы Алтынбек Нурматов, “Зет-эксплорерди” автралиялыктардан сатып алган кытай компаниясынын өкүлдөрү, Шамбесайды иштетүү кандай “жыргалчылыктарды” алып келерин айтып, түшүндүрүүгө аракет жасайт…

Миңдеген калк караманча-каршы болот. Элдин талабын жыйынга катышкан белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров колдойт.

Борбордук өкмөт кенди иштетүүнү бир жылга токтоткон чечим чыгарууга аргасыз болот. Кечээ күнү эле калктын артында туруп, “оюн” куруп жаткандар да Кытай компаниясынан жүз үйрүп кача баштайт…

Аргасы кеткен кытайлар Кадамжай район акимчилиги, Майдан айыл өкмөтүнүн талабы менен көрсөткөн финансылык жардамдарын ачык айта баштайт. Алар жалпысынан 60 млн. сомдук жардам көрсөткөнбүз деп, айрым финансылык документтерди жергиликтүү тургундарга таратууда. Бул расмий түрдө берилгени. Ал эми пара иретинде жашырылып жергиликтүү атка минерлерге канча берилди экен?…

Ал финансылык документтерде акча Баткен облустук администрациясынан тартып  (күйүүчү май үчүн 100 миң сом берилген),  студент, айыл-кыштактарда түрдүү нерселерге акча берилгени аныкталат. Маселен, Майдан айыл өкмөтүндөгү 8 кыштактагы социалдык долбоорлор жана маданий иш чаралар үчүн 500 миң сом берилгендиги тууралуу документтер бар. Мындай каражаттар берилгени боюнча документтер, маалыматтар көп..

 

There are 2 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар